"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 30.04.2026
  • |

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү Азирети Муфтий менен жолугушту

Бүгүн, 30-апрель күнү Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Канат Жапаров баштаган жамаат Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун кабыл алуусунда болду. Коом жетекчилиги жылуу маанайда кабыл алганы үчүн КМДБ жетекчисине ыраазычылык билдирип, буларга токтолду.

«Урматтуу Азирети Муфтий! Сиз ар дайым бизди колдоп келесиз. Сиздердин колдооңуздар менен биздин коом бир топ алдыга жылды. Жакын арада сиздин колдооңуз менен биринчи жолу диний терминдер жаңсоо тилине которулуп бүттү. Ушул жана башка колдооңуздар үчүн коомдун атынан терең ыраазычылык билдирем», – деди коом төрагасы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан Азирети Муфтийге Алкыш баракчасы тапшырылды.

«Биз борборубуздагы «Ыйман» мечити менен биргеликте көзү азиз жана дүлөй бир туугандарыбыздын диний билим алышына аянтча түзүп келебиз. Мындагы Ниматулла ажы жана Жоробай ажылар азиз бир туугандарыбызга көптөгөн кызматтарды кылып жатышат. Алла насип кылып, дагы бир топ жакшы иштер аткарылууда. Алла Таалам кылынган бардык жакшы иштерди кабыл жана кайырдуу кылсын», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде мүмкүнчүлүгү чектелгендердин (өзгөчө көзү азиздердин) диний билим алуусуна шарттарды түзүү маселеси камтылган. Иш-мерчемди ишке ашыруу максатында КМДБнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Дагестан Республикасына болгон иш сапарынан алкагында атайын мүмкүнчүлүгү чектелгендерге багытталган окуу жайлар, андагы шарттар жана программалар менен таанышып келген.

Катар кайрымдуулук уюмунун Кырызстандагы филалынын колдоосу менен көзү азиздерге багытталган Брайл басылмасындагы 1000 даана китеп алынып келинген.

Алгачкы жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Куран конкурс өтүп, жеңүүчүлөргө умрага сертификат тапшырылган. Ошондой эле муфтияттын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу менен өлкө аймагындагы ондогон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ырааттуу жана пландуу түрдө семинарлар өтүлүп келет.