"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 30.04.2026
  • |

Адал бөлүмүнүн ишмердүүлүгү Аалымдар Кеңешине тааныштырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында адал тармагын өнүктүрүү багытында маанилүү жыйын өткөрүлдү. Аталган жыйында диний башкармалыктын адал бөлүмү тарабынан Аалымдар Кеңешинин кадр саясаты жана фискалдык комитетинин мүчөлөрүнө адал тармагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берилип, шарияттагы адал жана арам маселелерине өзгөчө кылдаттык менен мамиле кылуунун зарылдыгы баса белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө адал тармагын системалуу түрдө өнүктүрүү, эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, коомчулук арасында адал түшүнүгүн туура жайылтуу жана иш алып барууда жоопкерчиликти күчөтүү сыяктуу бир катар олуттуу маселелер талкууга алынды. Ошондой эле сертификациялоо процессин өркүндөтүү, адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана тармактагы көзөмөл механизмдерин чыңдоо маселелери өзгөчө көңүл борборунда болду.

Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Абдыманап кары Масалиев жана Абдиваси ажы Матраимов, ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Марс ажы Ибраев, Абдиравшан ажы Дуйшеев катышып, өздөрүнүн бир катар сунуштарын беришти. Мындан тышкары, КМ АКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов да катышып, тармактагы тартипти жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча өз пикирин билдирди.

Жыйындын соңунда адал тармагын мындан ары дагы өнүктүрүү, шарият талаптарына шайкеш иш алып барууну камсыз кылуу жана коомчулуктун ишенимин бекемдөө багытында бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.