"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кызыл-Кыя шаарында “Салттуу ислам — бактылуу үй-бүлөнүн негизи” аталышындагы аялзаты үчүн руханий жолугушуу өткөрүлдү. Иш-чара Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан уюштурулуп, баш имам-хатибдин милдетин аткаруучу Абдумалик кары Ташматов алып барды.
Жолугушууга кадырлуу коноктор катышып, өздөрүнүн баяндамаларын жасашты. Алардын катарында: Кыргыз Республикасынын дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Мураталы кары Мамадияр уулу, Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Муса ажы Жолдошов, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Мукаддас ажы Кожониязов бар.
Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, салттуу исламдын асыл нарктарын жайылтуу жана аялзатынын коомдогу ордун даңазалоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө ыйман, адеп-ахлак, сабырдуулук, үй-бүлөдөгү ынтымак жана тарбия маселелери кеңири талкууланды.