«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Коом | 25.11.2026
  • |

Ош: Азирети Муфтий квалификациялык билимин жогорулатып жаткан имамдарга лекция окуду

Кечээ, 24-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында ОшМУнун теология факультетинде квалификациялык билимин жогорулатып жаткан имамдар менен жолугушту. 

Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий «Азыркы коомдогу имамдын миссиясы: руханий лидерлик, илим-билим жана коомдук жоопкерчилик» деген темада кеңири баяндама жасады. Өз сөзүндө заманбап коомдо дин кызматкерлеринин орду жана коомдук жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи:

«Имам – бир мечиттин башчысы, бир айылдын руханий жооптуусу. Андыктан имамдарыбыз дайым изденип, илим-билим алып, өзүнүн үстүнөн иштеши кажет. Азыркы маалыматтык доордо замандан артта калбай, алдыга умтулбасак, утулуп калабыз. Биз, диний кызматкерлер, күн сайын окуп, үйрөнүп, алга жылууга милдеттүүбүз. Анткени Алла Тааланын алгачкы буйру «Оку!» экенин жалпыбыз жакшы билебиз. Мындан сырткары, пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Илим алуу – бешиктен кабырга чейин» деп буйруган эмеспи» – деди Азирети Муфтий өз лекциясында.

Имамдардын диний сабаттуулугун арттырууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган бул курс 2 жума бою үзгүлтүксүз уланды. 

Аталган иш-чара КР Президентинин «Кыргыз жараны», «Улуттук нарк» жарлыктарын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолун ОшМУнун окуу-структуралык түзүмдөрүндө ишке ашыруу тапшырмаларынын алкагында уюштурулду.

Окуу программасы төмөнкү негизги максаттарды көздөйт:

• дин кызматкерлеринин билимин тереңдетүү жана коомдогу диндин ордун туура түшүнүүсүн камсыздоо;
• заманбап диний процесстерге илимий негизде баа берүү жөндөмүн өнүктүрүү;
• радикалдык жана экстремисттик көз караштардын алдын алуу;
• мамлекеттин дин саясатын коомчулукка туура жеткирүү боюнча билим-көндүмдөрдү калыптандыруу.

Белгилей кетсек, бул окуу курсу КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, КМДБнын Ош шаары, Ош облусундагы өкүлчүлүктөрү жана Ош мамлекеттик университетинин өз ара кызматташтыгынын негизинде өткөрүлдү.