«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар сүрөсү, 9)
Бүгүн, 19-ноябрь күнү ордо калаадагы «Имам Сарахсий» мечитинде «JAZEERA Travel» туристтик компаниясы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Ислам динин жаңы кабыл алган 80 жаран үчүн умра сапарына жолдомолорду белек кылды. Кайрымдуулук максатында уюштурулуп жаткан бул демилгенин алкагында ислам динин жаңы кабыл алган 55 орус жана 25 корей улутундагы жаранга умра ибадатын аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чарада Азирети Муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков сөз сүйлөп, КМДБ жетекчисинин саламын жеткирип, умра сапарына бара турган жарандарга ак жол каалап, насаат сөздөрүн айтты.
Ал эми «JAZEERA Travel» компаниясынын жетекчиси Мадали ажы Ойтемиров бул демилге бир гана туристтик компаниянын ишмердүүлүгү эмес, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын колдоосу менен жүзөгө ашып жаткан руханий-кайрымдуулук иш-чара экенин белгилеп өттү. Анын айтымында, демилге аркылуу ар улуттун өкүлдөрүнүн руханий жакындашуусуна, коомдогу толеранттуулуктун, боордоштуктун жана өз ара ынтымактын бекемделишине өбөлгө түзүлмөкчү.
Демилгенин негизги максаты – жаңыдан мусулманчылыкты кабыл алган инсандардын руханий дүйнөсүн байытуу, ыйык жерлерге зыярат кылуусуна шарт түзүү, Мекке жана Медина шаарларындагы ыйык жайлар менен жакындан тааныштыруу аркылуу алардын ыйманын бекемдөөгө көмөктөшүү болуп эсептелет.