"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 20.04.2026
  • |

Ислам академиясынын ректору Эрмамат Эргешовдун атасы дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтабыз!

Ислам Академиясынын ректору, PhD доктор Эрмамат Эргешовдун атасы Калмурза Эргешовдун 76 жашында дүйнө салганына байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Көңүл айтуу тексти:

Урматтуу Эрмамат агай! Атаңыздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таала маркум Калмурза атабызды Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Урматтуу маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, дос-санаалаштары! Алла Таала сиздерге кайрат берсин. Ал эми маркум атабызды бейиши менен сыйласын».