"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 20.04.2026
  • |

Жайыл жана Панфилов имамдары үчүн 3 күндүк окуу-семинар башталды

Бүгүн, 20-апрелинде Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов районундагы имамдар үчүн 3 күндүк окуу-семинар өз ишин баштады.

Семинардын негизги максаты — салттуу ислам түшүнүгүн бекемдөө жана матуриди акыйдасынын негиздерин тереңдетип үйрөнүү. Иш-чарага аймактагы имамдар активдүү катышып, диний билимдерин кеңейтүүгө чоң кызыгуу көрсөтүүдө.
Семинардын алкагында тажрыйбалуу устаздар тарабынан мазмундуу сабактар өтүлүүдө. Устаздар: 

•    Эмилбек ажы Андартегин, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
•    Сулумбек ажы Узеналиев, Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү; 
•    Азатбек Абытов, Азирети Муфтийдин Чүй облусунагы өкүлүнүн орун басары.

Сабактарда ислам дининин туура түшүнүгүн жайылтуу, коомдогу диний сабаттуулукту жогорулатуу жана биримдикти бекемдөө маселелери кеңири талкууланууда.

Үч күнгө созула турган бул семинар имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга жана коомго туура багыт берүүдө жоопкерчиликти арттырууга чоң салым кошору күтүлүүдө.

Мындай иш-чаралар коомдо ынтымакты, руханий баалуулуктарды жана салттуу ислам жолун сактоодо өзгөчө мааниге ээ.