«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?» деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» (Зумар сүрөсү, 9)
Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын кызматкерлери 2027-жылдагы ажылыкты уюштуруу программасынын алкагында САПтын Ажылык жана умра министрлиги өткөргөн окутууга катышты. Окутуу курсту ийгиликтүү аяктап, сынак тапшырып, сертификаттарга ээ болушту.
2026-жылдын 6-ноябрынан 10-ноябрына чейин Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарында өткөн окутууга дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн диний кызматкерлер катышты.
Окутуу ажылыктын 11 багыты боюнча уюштурулду. КМДБнын атынан 2027-жылдагы ажылык сапарын уюштуруу боюнча штабдын курамындагы 11 дин кызматкери төмөнкү багыттар боюнча билим алышты: Ыйык жерлерде кызмат көрсөтүү, транспорт, конокторду кабыл алуу, ажыларды топтоп жөнөтүү (тафвидж), саламаттык сактоо, тамак-аш тармагы, ажыларды жатаканаларга жайгаштыруу, кардарларга кызмат көрсөтүү жана натыйжалуу байланыш, маалымат жана медиа, ошондой эле алдын ала даярдык жана уюштуруу.
Окуудан тышкары кызматкерлер 2027-жылдагы ажылык сапарын уюштурууга арналган атайын көргөзмөгө да катышты.
Окутууда алынган билим жана тажрыйба Кыргызстандан барган ажыларга сапар учурунда көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.