"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 25.05.2026
  • |

“Улут наркы — эл баркы” аттуу иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 23-май күнү Бишкек шаарындагы Кыз Куран курсунда “Улут наркы — эл баркы” жана үй-бүлө темасында тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев жана “Хадижа” апалар жамааты катышты.
Жолугушууда Бакыт ажы улуттук баалуулуктар, каада-салттар жана үрп-адаттар тууралуу кеңири баяндама жасап, алардын ислам дини менен болгон байланышын Куран жана хадистердин негизинде түшүндүрүп берди. Ошондой эле аялзатынын исламдагы орду, кыздардын укуктары жана коомдогу жоопкерчилиги тууралуу да кеңири маалымат берип, таасирдүү насаат айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар менен суроо-жооп уюштурулуп, кыздар өздөрүн кызыктырган суроолоруна так жана пайдалуу жоопторду ала алышты.
Андан соң сөз “Хадижа” апалар жамаатына берилип, апалар жашоодогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, окуучу кыздарга акыл-насааттарын айтышты. Ошондой эле кыргыз элинин макал-лакаптарынын тарбиялык мааниси жана алардын динге шайкеш келери тууралуу да өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын соңунда Бакыт ажы бардык окуучуларга илим жолунда ийгиликтерди каалап, келечекте ыймандуу, адептүү жана үлгүлүү аялзатынан болушу үчүн ак батасын берип, дуба кылды.
Кыз Куран курсунун жамааты жана “Хадижа” апалар жамааты уюштурулган пайдалуу жолугушуу үчүн Бакыт ажыга терең ыраазычылыктарын билдиришти.