"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 25.05.2026
  • |

Балыкчы шаарында медреселер арасында илимий таймаш уюштурулду

Балыкчы шаарындагы Исагалы Сабира медресесинде медреселер арасында илимий таймаш өткөрүлдү.
Таймаш диний билимди тереңдетүү, окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттыруу жана медреселер ортосундагы достук байланышты бекемдөө максатында уюштурулду.

Илимий таймаш үч багытта жүргүзүлдү:
Тесттик суроолор;
Диний викторина;
Мамлекеттик суроолор боюнча викторина.

Жарышка Ысык-Көл облусундагы төмөнкү үч медресе катышты:

Исагалы Сабира медресеси — Балыкчы шаары;
Каныбек ажы медресеси — Жети-Өгүз району;
Орозакун уулу Узакбай ажы медресеси — Тоң району.

Калыстар тобунун курамында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев, өкүлдүн орун басары Алмаз ажы Сагындыков, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов жана “Ак Ниет Нуру” окуу борборунун мүдүрү Тилек ажы Зарылбеков болушту.

Суроолор негизинен фыкх илими боюнча түзүлүп, катышуучулардын диний билим деңгээли текшерилди. Таймаштын жүрүшүндө окуучулар өздөрүнүн даярдыгын, тапкычтыгын жана илимге болгон кызыгуусун көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында эң көп упай топтогон катышуучулар аныкталып, калыстар тобу тарабынан сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле өзгөчө мыкты жооп берген окуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Иш-чара жылуу жана кызыктуу маанайда өтүп, мындай пайдалуу таймаштарды мындан ары да улантуу пландалып жатканы айтылды. Кийинки илимий таймаш күз мезгилинде өткөрүлөрү күтүлүүдө.