"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 17.04.2026
  • |

«Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө» конференциясы боюнча даярдыктар башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуучу «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө» аталышындагы конференцияны жогорку деңгээлде өткөрүү максатында атайын даярдык жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга мекеменин диний билим берүү бөлүмү, үгүт-насаат бөлүмү жана эл аралык байланыш бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, иш-чараны уюштуруу боюнча биргелешкен иштер талкууланды. Ошондой эле жыйынга комиссиянын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков катышып, тиешелүү тапшырмаларды жана сунуш-пикирлерди берди.

1.    Конференциянын негиздемеси

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан 2026-жылды «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө» деп жарыялаган. Бул багыт коомдо руханий тарбияны, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, адеп-ахлак жана улуттук наркты бекемдөөгө багытталган.

Аталган теманы ишке ашырууда КМДБнын демилгеси менен өткөрүлүүчү конференция диний жана коомдук мааниге ээ аянтча болуп, ислам баалуулуктарын системалуу түрдө жайылтууга шарт түзөт.

2. Конференциянын максаты
•    Ислам дининдеги нарк, уят, адеп жана үй-бүлө баалуулуктарын кеңири жайылтуу;
•    КМДБнын 2026-жылга карата приоритеттүү багытын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу;
•    Үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган диний түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
•    Коомдогу оң диний жана тарбиялык тажрыйбаларды үлгү катары көрсөтүү;
•    Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коопсуздук.
Мындан сырткары, даярдык жыйынына «Каусар» апалар жамаатынын өкүлдөрү жана башкы «Имам Сарахсий» мечитинин аялдарга кеңеш берүү бөлүмүнүн кызматкерлери да катышып, аялдар жана үй-бүлө маселелерине байланышкан багыттар боюнча өз сунуштарын билдиришти.