"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 17.04.2026
  • |

Чүйдө медреселер зыярат кылынып, документ иштери каралды

Чүй облусундагы медреселер Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан текшерүүдөн өткөрүлдү.

Текшерүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмүрзак уулу, Азирети Муфтийдин Чүй облустагы өкүлүнүн орун басары Азатбек Абытов катышты.

2026-жылдын 3-апрелинен 16-апрелине чейин жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында Чүй облусундагы жалпы 32 медресе камтылды.

Текшерүү учурунда төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду: 
•    документтердин абалы;
•    студенттер жана мугалимдер боюнча өздүк делолор;
•    диний билим берүү менен катар дүйнөбий сабактардын өтүлүшү.

Мындан тышкары, мурдагы текшерүүлөрдө берилген эскертмелердин аткарылышы көзөмөлдөнүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча мөөнөттөр белгиленди.

Бул иш-чаралар медреселердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.