«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 25.06.2026
  • |

Баткенде китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, Умрага жолдомо берилди

23-июнь күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Баткен облусундагы өкүлчүлүгү аймактагы айымдар арасында китеп окуу конкурсун жыйынтыктады. Сынак Айзада Кожоева устазанын "21-кылымда бала тарбиялоо ислам баалуулуктары менен" аттуу китебинин негизинде, атайын «Сынак Про» (Synak Pro) тиркемеси аркылуу аталган өкүлчүлүктүн аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшөева тарабынан өткөрүлдү.
Кызуу байма-бай өткөн конкурстун жыйынтыгында 180 аялдын ичинен төмөнкү айымдар жеңүүчү деп табылып, алдыңкы 10 орунду алган катышуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

 1-орун: Камалова Шарийфа (Кызыл-Кыя шаары) – Умра сапарына жолдомо;

 2-орун: Абдумаликова Рахат (Лейлек району, Кулунду айылы) – Смартфон;

 3-орун: Нарматова Шарапат (Баткен району, Кара- Бак айылы) – Чаң соргуч;

 4- орун: Аллаберди кызы Дүрдана (Баткен району, Жаңы- Жер айылы)-
микротолкундуу меш;

5- орун: Усанова Нуржамал (Баткен шаары)- блендер.

Жана башка кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Муфтияттын Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул- билим берүүчү саамалыкка колдоо көрсөткөн бардык кайрымдуу инсандарга жана башкы байге — Ыйык сапарга жолдомону тартуулаган «Жазира Травел» (Jazeera Travel) компаниясына терең ыраазычылык билдирди.