«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 24.06.2026
  • |

Ош шаарында КМДБнын көчмө жыйыны өтүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Ош шаарынын мэриясы жана КМДБнын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жаткан «Диним – Ислам, өлкөм – Кыргызстан», «Мамлекет менен диндин өз ара гармониясы: Муфтият – кечээ, бүгүн жана эртең» аттуу көчмө жыйыны өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин ТАБ башчысы Фуркатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн орун басары - Ош шаарынын координатору Замирбек Джапаров, Ош шаарынын вице-мэри Эрнис Толтоев, Ош шаардык кенешинин төрагасы - Болотбек Баетов катышты. 

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн жаңы идеологиялык багытын аныктады. Бул документ улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап өнүгүүгө жетишүүнү көздөйт. Аталган уңгужол диний мекемелердин дагы коомдук аң-сезимди калыптандыруудагы жоопкерчилигин арттырат.
Мындан тышкары, Журт башчыбыздын Жарлыгы менен бекитилген «2021–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы» диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктап берди.
Концепциянын алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда. Алар: Диний сабаттуулукту жогорулатуу, салттуу диний баалуулуктарды бекемдөө, экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу, мамлекет менен диний уюмдардын кызматташтыгын өнүктүрүү, жаштарды туура диний багытта тарбиялоо.
Ошондой эле, Ажобуздун Жарлыгы менен үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча маанилүү чечим кабыл алынган.
Бул жарлык ысырапкорчулукту азайтууга, социалдык тең салмактуулукту сактоого жана улуттук үрп-адаттарды туура нукта өнүктүрүүгө багытталган.
Ал эми 2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Улуттук программа улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналат
– деп белгиледи.

Иш-чарада өлкөбүздө мамлекеттик диний саясатты ишке ашыруу, салттуу диний баалуулуктарды өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу багытында бир катар маанилүү мамлекеттик документтер кабыл алынгандыгы айтылды. Аталган мамлекеттик документтерди жүзөгө ашыруу, «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууну күчөтүү жана Азирети Муфтий тарабынан бекитилген 2024–2029-жылдарга карата өнүктүрүүнүн 40 кадамдан турган стратегиялык планын ишке ашыруу максатында бүгүнкү көчмө жыйын өткөрүлүүдө.