«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 20.09.2026
  • |

Бишкекте баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган семинар өтүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жер-жерлердеги диний иштерди уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара кызматташууну күчөтүү максатында эки күндүк семинар өткөрүлүүдө.

Семинар 20–21-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өтүп, ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген райондук жана шаардык баш имам-хатибдер катышууда.

Иш-чаранын расмий ачылышында Азирети Муфтийдин орун басары Шакиржан ажы Маматов, КМДБнын мечиттер, курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Самидин кары Атабаев жана КМДБнын башкы бухгалтери  Толкунбек Жуманов катышуучуларга семинардын максаты, мааниси жана алдыда аткарыла турган иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле баш имам-хатибдердин аймактардагы диний иштерди уюштуруудагы орду жана жоопкерчилиги, мечиттердин ишмердүүлүгүн системалуу жүргүзүү, имамдар менен тыгыз иш алып баруу, калк менен натыйжалуу байланыш түзүү жана КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды жеринде сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Семинардын алкагында КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн иш багыттары боюнча баяндамаларды жасап, тиешелүү иш тартиби, талаптар жана райондук, шаардык баш имам-хатибдер менен кызматташуунун механизмдери тууралуу кеңири маалымат берүүдө.

Ар бир баяндамадан кийин суроо-жооп форматындагы талкуулар уюштурулуп, аймактарда кездешкен маселелер, иш жүргүзүүдө жаралган кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору ортого салынууда. Муну менен катар катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жер-жерлердеги диний кызматты жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерин бөлүшүүдө.

Семинардын негизги максаттарынын бири — борбор менен аймактардын ортосундагы кызматтык байланышты бекемдөө, баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүндө бирдиктүү тартипти калыптандыруу жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Эки күндүк семинардын жыйынтыктоочу бөлүгү 21-сентябрда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун катышуусунда өткөрүлөт.