«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 21-сентябрь күнү борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан райондук жана шаардык баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жер-жерлердеги диний иштерди уюштуруунун сапатын жогорулатуу жана КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара кызматташууну күчөтүү максатындагы эки күндүк семинары жыйынтыкталды. Аталган семинарды Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жыйынтыктап, муфтият тарабынан аткарылып жаткан иштер, иш-пландар, изги тилектер жана жалпы диний абал боюнча сөз кылды.
«Урматтуу баш имам-хатибдер! Чакырыгыбызга жооп берип, атайын келип, эки күндүк семинарыбызга катышып бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Жалпыңыздарга маалым болгондой, 2024-жылы кызматка киришип жатып, 5 жылдык стратегиялык иш-мерчем бекиткенбиз. Бүгүнкү күндө анын дээрлик 70 пайызы ишке ашты. Албетте, мында сиздердин салымыңыздар зор! Ошол иш-мерчемде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, семинарларды уюштуруу, тажрыйба алмашууга шарт түзүү деген сыяктуу пункттар бар болчу. Бул иш-чара алыскы-жакынкы райондорубузда жана шаарларыбызда жигердүү кызмат кылып жаткан башкы имам-хатибдерибиздин ишмердүүлүгүн жогорулатууга багытталды», – деген Азирети Муфтий кадрлар резерви, электрондоштуруу, имамдардын функционалдык милдеттери жана КМДБнын борбордук аппараты менен аймактык түзүмдөрүнүн байланышын бекемдөө жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири токтолду.
Иш-чара соңунда хатибияттардын техникалык базасын күчтөндүрүү максатында ар бир баш имам-хатибге соңку муундагы жаңы компьютерлер тапшырылды.
Маалымат иретинде айта кетсек, аталган семинар 20-21-сентябрь күндөрү Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» медресесинде өтүп, ага Кыргызстандын аймактарынан келген райондук жана шаардык баш имам-хатибдер катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө баш имам-хатибдердин аймактардагы диний иштерди уюштуруудагы орду жана жоопкерчилиги, мечиттердин ишмердүүлүгүн системалуу жүргүзүү, имамдар менен тыгыз иш алып баруу, калк менен натыйжалуу байланыш түзүү жана КМДБ тарабынан берилген тапшырмаларды жеринде сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Семинардын алкагында КМДБнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн иш багыттары боюнча баяндамаларды жасап, тиешелүү иш тартиби, талаптар жана райондук, шаардык баш имам-хатибдер менен кызматташуунун механизмдери тууралуу кеңири маалымат беришти.
Ар бир баяндамадан кийин суроо-жооп форматындагы талкуулар уюштурулуп, аймактарда кездешкен маселелер, иш жүргүзүүдө жаралган кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору ортого салынды. Муну менен катар, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жер-жерлердеги диний кызматты жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерин айтышты.
Семинардын негизги максаты – борбордук түзүм менен аймактардын ортосундагы кызматтык байланышты бекемдөө, баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгүндө бирдиктүү тартипти калыптандыруу жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.