«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 20.09.2026
  • |

Алматыда Евразия Халал Биримдигинин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн Алматы шаарындагы Нур-Мубарак Египет ислам маданияты университетинде «Евразия Халал Биримдигинин» кезектеги жыйыны өттү. Иш-чара офлайн жана онлайн форматта уюштурулуп, ага Казакстан, Россия, Беларусь, Кыргызстан жана Өзбекстандын адал тармагына жооптуу өкүлдөрү катышты.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан жыйынга КМДБнын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов катышып, Кыргызстандагы адал тармагынын учурдагы абалы, жүргүзүлүп жаткан иштер жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы аракеттер боюнча маалымат беришти.
Казакстан тараптан Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Баш муфтий Наурызбай ажы Таганулынын тапшырмасы менен «Халал Даму» стандартташтыруу жана сертификаттоо мекемесинин директору, Евразия Халал Биримдигинин тең төрагасы Айбек Аташев катышты.
Жыйынды Айбек Аскарбек уулу ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Андан соң беш мамлекеттин өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү адал сертификаттоо системасынын учурдагы абалы, жетишкендиктери жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасашты.
Отурумдун жүрүшүндө Евразия мейкиндигинде адал продукцияларды, кызматтарды жана системаларды сертификаттоодо бирдиктүү талаптарды жана стандарттарды калыптандыруу, аккредитация талаптарын өз ара шайкеш келтирүү, Биримдиктин уюштуруучулук-укуктук түзүмүн өркүндөтүү, ошондой эле мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, адал сертификаттарын өз ара таануу, тажрыйба алмашуу жана эл аралык стандарттардын негизинде биргелешкен иш алып баруунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар мындан аркы биргелешкен ишмердүүлүктүн негизги багыттарын аныктап, 2026–2027-жылдарга карата иш-чаралар планын талкуулашты.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы адал тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана адал стандарттарын өркүндөтүү багытындагы иштерди мындан ары да улантат.