“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 27.06.2026
  • |

Аксыда Баялы Ата мечитинин курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Орто айылында Баялы Ата атындагы эски мечиттин ордуна салынып жаткан жаңы мечиттин курулуш иштери аяктап, ишке берилди. 
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Аксы районунун акими Азамат Намазалиев, Кербен шаарынын мэри Жаныш Раимжанов, мечиттин курулушуна демөөрчүлүк кылган Элмурат Алымкулов, Самар Баялиев жана жергиликтүү имам-хатибдер катышты. 
Мечит – бул бир гана ибадат жайы эмес, ал коомду ынтымакка, адеп-ахлакка жана жакшылыкка үндөгөн руханий борбор болуп саналат.

Ушул кайрымдуу ишке салым кошкон бардык демөөрчүлөргө, жардамын аябаган жамаатка жана эмгек кылган бир туугандарга терең ыраазычылык билдиребиз.

🤲 Аллах Таала кылган жакшылыктарыңызды кабыл кылып, үй-бүлөңүздөргө ынтымак, өмүрүңүздөргө береке, ырыскыңыздарга молчулук насип этсин. Бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыктарына бөлөп, сооп таразаларыңызды оор кылсын.