«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 21.08.2026
  • |

НАМАЗ ЖАНА ПСИХОЛОГИЯ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Намаз – ар кыл түрдүү багыттарды, ар башка өлчөмдөрдү өзүнө камтыган ибадат. Ал сырткы көрүнүшү, психологиясы жана аң-сезимдик жактары менен бир бүтүндүктү түзөт. Намазда белгилүү кыймыл-аракеттерди аткаруу, белгилүү аяттарды жана дубаларды окуу талап кылынат. Ошондой эле намаз окуган адам эмне кылып жатканын, эмнелерди окуп жатканын аңдап-түшүнүп, намазын ырахат жана канааттануу менен окушу зарыл. Каалабай, аргасыздан же Алланын ыраазычылыгынан башка максаттарды көздөп окулган намаз кабыл болбой калуу мүмкүндүгү, мындай адамдын акыретте жазага тартылып калуу ыктымалдыгы Куранда белгиленет (Караңыз: Маъуун, 4-7).

Намаз адамдын бүтүндөй психологиялык түзүлүшүнө таасир этет. Намаздын сырткы көрүнүшүнүн, анда окулган аяттар менен дубалардын адамдын аң-сезиминде жана ички дүйнөсүндө жараткан руханий-эмоционалдык абалынын, ошондой эле намаздын таасири астында адамдын мамилесинде, жүрүм-турумунда, дегеле анын бүтүндөй инсандык дүйнөсүндө пайда болгон өзгөрүүлөрдүн психологиялык жактан талданышы өтө маанилүү.

Биз бул жерде ушул жаатта кыскача талдоого аракет кылабыз.
 

Намаздын сырткы көрүнүшү

Намаз окууга киришүүдөн мурда ага даярдык көрүлөт. Эгер адам дааратсыз болсо, алгач даарат алат. Даарат алып жаткан чакта бир жагынан денесин тазалап жатса, экинчи жагынан Алладан өзүн кечиришин, коргоосун, жамандыктан жана туура эместиктен оолак кылышын, жакшылыкка багыттоосун тилеп дуба кылат. Ошентип, Алланын алдына дене-бою да, акыл-эс жана ички дүйнөсү да тазаланып, арууланып барууга даярдык көрөт.

Андан соң жабылышы зарыл болгон жерлерин таза кийим менен жаап, Каабаны карай жүз буруп, намаз окууга ниет кылат. Каабага жүз буруу – намаздын шарттарынын бири, Алланын буйругу (Бакара, 144, 149-150). Кааба – Аллага ибадат кылуу үчүн курулган алгачкы ибадаткана (Аали Имран, 3/96). Ал ыйык жай – Аллага кулчулуктун жана Ага жүз буруунун символу.

Мусулман киши мына ушундай руханий-аң-сезимдик абал менен жүзүн да, багытын да Каабага бурат. Андан соң намаз окууга ниет кылганын сөзү менен да билдирип, колдорун көтөрүп: «Аллаху акбар» – «Алла эң Улук!» – деп намазын баштайт.

Ар бир иш-аракеттин максатын жана баалуулугун аныктаган нерсе – ниет. Ошондуктан ниетсиз намаз болбойт. Мусулман ушундайча дене-бою, акыл-эси жана жүрөгү бир бүтүндүккө келип, дүйнөгө тиешелүү нерселердин баарын артка калтырып, Аллага болгон моюн сунуусун жана Ага болгон урмат-сыйын өзүнүн жүрүш-турушунан, кыймыл-аракетинен даана чагылдырат. Ал кичипейилдик менен башын ийип, колдорун байлап, Алланын алдында турганын терең аңдоо менен намаздагы ар бир кыймылды кылдаттык жана терең урмат-сый менен аткарууга аракет кылат.

Намаздагы сырткы кыймыл-аракеттердин ар биринин өзүнчө мааниси бар. Тик туруу (кыям) – Алланын алдында урмат-сый менен турууну; ийилүү (рукууъ) – Аллага көрсөтүлгөн урмат-сыйдын андан да жогорку баскычын; маңдайды жерге коюу (сажда) болсо – урмат-сыйдын эң жогорку чегин билдирет.

Адам бул кыймылдарды аткарып жатып, аларга ылайык сөздөрдү да айтып, жүрөгүндөгү урмат-сыйын тил менен билдирет: «Субхаана Раббиял-Азийм» – «Улуу Раббим! Сен бардык нерседен Улуусуң»; «Субхаана Раббиял-Аълаа» – «Улук Раббим! Сен бардык нерседен Улуксуң», – деп тасбих айтат. Адам бул сөздөрдү кайра-кайра кайталоо менен бүтүндөй жан-дүйнөсү аркылуу Аллага болгон моюн сунуусун жана урмат-сыйын билдирет. Намаздагы кыймыл-аракеттердин жана айтылган сөздөрдүн маанисин адам аң-сезимине терең сиңирүү – алардын өмүр жолунда өзүнө жол көрсөтүп турган руханий багытка айланышы намаздын негизги максаттарынан.

Намазда эң көп кайталанган «Аллаху акбар» – «Алла Улук!» деген сөз эки рекеттин ичинде 11 жолу айтылат. Мунун максаты – адам ушул улуу сөздүн маанисин жүрөгүнө сиңирип, аны бүтүндөй жүрүм-турумуна жана жашоосуна өкүм сүргөн негизги түшүнүккө айландыруу; дүйнөдөгү мамилелеринде Алладан башка эч бир нерсени же эч кимди теңдеш тутпай, бардык ишинде жалгыз Аллага таянууну жана Анын ыраазычылыгын негизги өлчөм кылып алууну адат кылуу.
 

Намаздын акыл-эстик жагы

Ой жүгүртүү, пикир кылуу жана акыл калчоо – адамды башка жандуулардан айырмалап турган эң маанилүү өзгөчөлүктөрдөн. Намаз адамга өзүн, кылган жана кыла албаган иштерин, Алланын жана башка адамдардын алдындагы жоопкерчиликтерин, өлүмдү жана өлүмдөн кийинки жашоону, кыскасы, бүтүндөй өмүрүн жана жашоонун маңызын ойлонууга түрткү берет. Ошентип, адамды материалдык дүйнөнүн чегинен чыгарып, руханий жана метафизикалык дүйнөгө жетелейт.

Аллага ишенген адамдын Анын буйруктарын канчалык деңгээлде аткарып жатканын ойлонушунда намаздын орду өзгөчө. Анткени күндүн ар башка мезгилдеринде окулган намаз адамга өзүнө-өзү эсеп берип, абалын таразалап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Намаз ага Алланы, акыретти, Алланын буйруктарын жана ошол буйруктарды аткаруу жагынан өзүнүн абалын эске салат. Ошентип, ал бир жагынан адамдын көңүлүн тынчтандырып, көкүрөгүнө кеңдик берсе, экинчи жагынан эскертип, ойготот.

Намаз адамды өзүн сын көз менен кароого, өзүн-өзү эсеп-кысапка алууга даярдайт. Адам өзүнүн жүрүм-турумун, мамилесин жана жасаган иштерин ойлонуп, аларга баа берет. Ыйманы менен жүрүм-турумунун ортосундагы дал келбестиктерди, карама-каршылыктарды жана ички тирешүүлөрдү байкайт. Натыйжада өзүнүн жүрүм-турумун Аллага болгон ыйманынын негизинде кайрадан калыптандыруу зарылдыгын мурдагыдан да тереңирээк түшүнүп, бекем кабыл алат.

Намаз учурунда адамдын аң-сезими терс ойлордон алыстап, көңүлүн жакшы нерселерге, көркөм жана жагымдуу нерселерге бурат. Ал жакшы нерселерди ойлоно баштайт. Жакшы, пайдалуу нерселер жөнүндө ой жүгүртүү жана алардын ишке ашышын каалоо намаз бүткөндөн кийин да улана берген ички руханий процесске айланат. Намаздагы ушул оң маанай, албетте намаздан кийин да адамдын аң-сезимине таасирин тийгизип, анын ички дүйнөсүндө өз изин калтыра берет.

Адамдын өзүн да, башка адамдарды да баалуу махлук катары кабыл алышында намаздын таасири чоң. Намаз окуу адамды Алланын алдында кадыр-барктуу кылат деген ишеним аны өзүнө да, башка адамдарга жана жалпы жаратылган бардык нерселерге да жакшы көз караш менен мамиле кылууга үндөйт. Ошентип, адамдын дүйнө таанымы оң нукка өзгөрөт, жашоонун маңызын тереңирээк түшүнө баштайт жана тоң моюнчул же нааразы маанайга берилбейт. Аалымдар айткандай, «Жашоого болгон көз карашыбыз, өзүбүзгө берген маани-маңызыбыз жана баалуулук түшүнүгүбүз жалпы жонунан руханий жана дене саламаттыгыбызга да таасир этет».

Адам намаз окуу аркылуу Алланын буйруктарынын бирин аткарып жатканын жана Алла менен болгон мамилесинин туура нукта экенин сезет. Мына ушул аң-сезим анын өлүмдөн кийинки жашоого байланышкан ашкере санаасын жана ашыкча коркуу сезимин азайтат.
 

Намаздын сезимдик жагы

Адамдын жашоосунун ар бир көз ирмеминде бир нече түрдүү сезим катар жашап турат. Жүрөк сезимдердин борбору катары кабыл алынат. Адамдын ыйманы, ибадаты жана башка бардык иш-аракеттери акыл-эс менен да, жүрөк менен да тыгыз байланышта. Бирок айрым адамдарда акыл-эс жагы басымдуураак болсо, кээ бирлеринде сезимдик тарабы күчтүү болуп, көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.

Намазда сүйүү жана урмат-сый сезимдери менен катар коркуу сезими да маанилүү орунду ээлейт. Бирок бул жердеги коркуу – сүйүүгө жана урмат-сыйга негизделген, Алланын сүйүүсүнөн жана ыраазычылыгынан ажырап калуудан кооптонуу сезиминен жаралган коркуу.

Адам өзү абдан жакшы көргөн бирөөгө жагууну кааласа, анын каалоолорун колдон келишинче жогорку деңгээлде аткарууга аракет кылат эмеспи. Ошол сыяктуу эле Аллага ишенген жана Аны баарынан артык сүйгөн момун да Алланын буйруктарынын бири болгон намазды Ага жагуу, Анын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүү үчүн чын жүрөктөн, каалоо жана берилүү менен окуйт.

Башкача айтканда, Куранда баса белгиленгендей, намазын хушуъ менен окуйт (Муминуун, 23/1-2). Намаз окуп, Алланын буйругун аткарганына сүйүнөт, көңүлү жай таап, көкүрөгү кеңээт. Ал эми ар кандай себептерден улам намаз окуй албай калган учурда Алланын буйругун аткара албай калганына кайгырып, тынчсызданат. Бул кайгы менен кооптонуу Алланын ыраазычылыгынан ажырап калуудан, ошондой эле акыретте сооптон куржалак калып, жазага тартылып калуудан коркуу сезиминен улам пайда болот.

Намаз адамдын өздүк аң-сезиминин калыптанышында жана анын тең салмактуу мүнөзгө ээ болушунда, ошондой эле диний жана коомдук сезимдеринин бекемделишинде маанилүү роль ойнойт. Тактап айтканда, намаз адамдагы өзүн башкалардан жогору коюу же өзүн төмөн сезүү сыяктуу сезимдерди алдын алууга жана аларды көзөмөлдөөгө жардам берет. Намазда адам маңдайын жерге коюп, Алланын Улуулугун даңазалоо менен Анын алдында өзүнүн алсыз жана муктаж экенин сөзү менен да, кыймыл-аракети менен да билдирет.

Намаздан кийин кылган дубаларында да өзүнүн көптөгөн маселелерде алсыз, чарасыз экенин моюнга алып, көйгөйлөрүнүн чечилишин, кыйынчылыктарынын жеңилдешин Алладан тилейт. Ошентип, адам өз күчүнүн канчалык чектелүү экенин терең аңдайт. Мындай аң-сезим менен намаз окуган адам, албетте өзүн башкалардан жогору көрө албайт, текебердикке жана бой көтөрүүгө жол бербейт.

Ошол сыяктуу эле мечитте бай-кедей, жетекчи-кызматкер, жумушчу-жумуш берүүчү, мугалим-окуучу болсун, айтор коомдун ар кыл катмарынан болгон адамдардын бир сапта, ийиндешип намаз окушу адамдын аң-сезиминде Алланын алдында бардык адамдар тең деген түшүнүктү калыптандырат жана аны өзүн төмөн сезүү сезимине берилүүдөн сактайт. Мындай момун намаз аркылуу өзүн төмөн сезүүдөн да, өзүн башкалардан жогору коюудан да арылып, экөөнүн ортосундагы жөнөкөйлүккө жана кичипейилдикке негизделген тең салмактуу мүнөзгө ээ болот.

Ошондой эле намаз – адамды жоктон бар кылган да, ага ээ болгон бардык нерсесин берген да Алла экенин дайыма эсинде жаңыртып туруунун бир каражаты. Мындай аң-сезим менен жашаган адам Аллага көп шүгүр кылат, жакшылыктарды барктабаган шүгүрсүздүккө жол бербейт жана жашоого карата жакшы, оң маанайдагы сезимдерди өрчүтөт.

Намаз адамдын өзүн күнөөкөр сезип, айыптуулук сезимине алдырып коюусуна да бөгөт болот. Момун – бир жагынан намаз учурунда окуган аят-дубалары менен, экинчи жагынан намаздан кийин кылган тообосу жана кечирим тилөөсү аркылуу Аллага жүз буруп, Анын өзүн кечирерине ишенген адам. Момун мына ушундай үмүт менен намазын окуйт жана эч качан өзүн ашыкча күнөөкөр, айыптуу көргөн сезимдердин туткунуна айлантпайт.

Намаздын мээрим сезими менен да өтө тыгыз байланышы бар. Ал адамдын жүрөгүндөгү мээрим сезимин дайыма сергек жана жандуу кармап турат. Адам күнүмдүк жашоосунда туш болгон окуялар, айланасында жана дүйнөдө болуп жаткан ар кандай көрүнүштөр кээде анын ачуулануу, жек көрүү сыяктуу терс сезимдерин козгойт. Мындай учурда сүйүү жана мээрим сезимдери көмүскөдө калып калат.

Дал ушундай учурларда кыска аралык менен кайра-кайра окулган намаз өзүнүн руханий таасирин көрсөтөт. Мээрим кайрадан алдыңкы орунга чыгат. Момун Аллага жүз буруп, ачуусун басат. Бисмиллада да, Фатихада да кайталанып окулган «Рахман» жана «Рахийм» деген Жараткандын чексиз ырайымын жана мээримин туюнткан улуу ысымдар адамдын өзүн да мээримдүү болууга үндөйт.
 

Намаздын жүрүм-турумга тийгизген таасири

Адамдын ыйманы, ой-жүгүртүүсү, сезимдери жана жүрүм-туруму бири-бири менен тыгыз байланышта. Момун киши Аллага ыйман келтиргенден кийин, ошол ыйманга негизделген баалуулуктар алкагында өзүн тартипке салып, кабыл алган баалуулуктарына ылайык жашоосун жана жүрүм-турумун жөнгө салууга аракет кылат.

Ал ыйманынын таасири менен Аллага ибадат кылууда Анын диний буйругуна баш ийген сыяктуу эле, дин тыюу салган нерселерден да алыс болууга, диний эрежедерге ылайык жашоого жана туура жүрүм-турум көрсөтүүгө умтулат. Алланын алдына жакшы иштерди жасап, Анын каалоосуна ылайык мамиле жана жүрүм-турум менен баруу маанилүү деген ишеним адамды жакшылык кылууга, көркөм жана жакшы нерселерге умтулууга жетелейт. Эгер кандайдыр бир жаман иш жасап алган болсо да, анын артынан өкүнүп, бушайман болот. Тообо кылып, ал иштен баш тартат да, кайрадан жакшылыкка, көркөмдүккө жана туура жолго бет алат.

Ошентип, адам чынчыл, жакшылык кылган, жардам берүүгө даяр, өз кызыкчылыгынан кечип, башкалар үчүн да күйгөн, акыйкатты жана укукту сактаган, өзүн эч кимден жогору көрбөгөн, орой жана көңүл ооруткан мамиледен алыс, «мен» эмес, «биз» деген аң-сезим менен жашаган, өзүнө каалаган жакшылыкты башкалар үчүн да каалаган инсанга айланат. Ката кетирип, туура эмес иш жасап алса да, өзүнүн ыйманы менен туура эмес жүрүм-турумунун ортосундагы карама-каршылыкты аңдайт. Ошол ыйманы аны кайрадан туура жолго багыттайт.

Диний негиздер жана намаз адамдын өмүр сапарында өзүндө жашаган терс жана жамандыкка жакын ыңгайлардын, ошондой эле айлана-чөйрөдөгү адамды жамандыкка түрткөн шайтандык таасирлердин жетегине алдырбай, туура багытта жолун уланта алышы үчүн ага жол көрсөтүп турган руханий компас сыяктуу. Адам багытынан адашып калганда, намаз ага ошол замат өзүнүн туура багытын кайрадан эске салат. Ошондуктан Алла Таала:

...اِنَّ الصَّلٰوةَ تَنْهٰى عَنِ الْفَحْشَاۤءِ وَالْمُنْكَرِۗ وَلَذِكْرُ اللّٰهِ اَكْبَرُۗ وَاللّٰهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُوْنَ ۝٤

«Чындыгында, намаз ар кандай уятсыздыктан жана жамандыктан тосот», – деп буюрган (Анкабут, 29/45).

Бул жерде бир жагдайга өзгөчө токтоло кетүү зарыл. Айрым адамдардын намаз окуп туруп эле адилетсиздик кылышы, бирөөнүн акысын жеши, терс жана туура эмес иштерди жасашы – намаз окубаган адамдар тарабынан  сынга алынып келет. Бирок ошол эле учурда бул көрүнүш кээде намаз окубоого себеп катары да көрсөтүлүүдө. Мисалы: «Ал адам намаз окуйт да, анан эмне болуптур? Тигини кылбадыбы, муну кылбадыбы? Ушундай иштерди кылган намаз окугандар көп эле эмеспи?» деген сыяктуу сын-пикирлер өзүн актоонун бир түрү катары колдонулушу мүмкүн. Албетте, намаз окуганына карабастан ислам каалабаган, тыюу салган иштерди жасоону уланта берген адамдар – намаздын маңызын жүрөгүнө сиңире албаган, жеке кызыкчылыктарынын чегинен чыга албаган же динди туура эмес түшүнгөн адамдар. Ал эми чын ыкласы менен ыйман келтирип, намаз окуган адам өзүнүн сезимдерин, ой-жүгүртүүсүн жана жүрүм-турумун Алланын буйруктары менен тыюуларына ылайык жөнгө салууга аракет кылат. Ошентип, ал жамандыкка умтулбайт, жамандыктардан арылып, ички дүйнөсүн тазалап, уламдан-улам жакшырып, көркөм мүнөзгө ээ болууга умтулат.
 

Намаздын инсандык сапаттарга тийгизген таасири

Адамдын мүнөзүн жана инсандык сапатын аныктаган бир катар негизги сапаттар болот. Булар көбүнчө анын адеп-ахлактык өзөгүн, мүнөзүн калыптандырат. Мисалы, чынчылдык, адилеттүүлүк, ар-намыстуулук, намыскөйлүк, кайраттуулук, жардам берүүчүлүк, ишенимдүүлүк сыяктуу жакшы сапаттар же тескерисинче калпычылык, өзүмчүлдүк, амалкөйлүк, коркоктук, ишенимсиздик сыяктуу терс сапаттар. Мына ушул жерде намаз адамды терс инсандык сапаттардан алыстатып, жакшы жана асыл сапаттарга багыттайт. Башкача айтканда, намаз окуган адам калп айтпай, чынчыл болууга; эки жүздүүлүк кылбай, ыкластуу болууга; өз кызыкчылыгын гана көздөгөн өзүмчүл адам болбой, башкаларды да ойлогон жапакеч жана боорукер инсан болууга умтулат. Бирөөнүн акысын жеп, адилетсиздик кылуунун ордуна акыйкатты жана адилеттикти коргогон, кайраттуу адам болууга аракет кылат.

Акыйкатта бардык пайгамбарлар ушундай асыл инсандык сапаттарга ээ болушкан. Алардын бүтүндөй аракети Алланын каалоосун аткарууга багытталып, Анын ыраазычылыгын бардык нерседен жогору коюшкан. Дүйнөнүн байлыгына, мансапка жана даражага байланып калбай, аларды зарыл болсо колунун сыртынан каккандай четке кага билишкен. Ушул өңүттөн караганда, намаз адамды башка (жаралган) нерселерге кул болуп, көз каранды болуп калуудан сактап, Аллага гана берилгендикке жетелейт. Ошондой эле аны терс каалоо-тилектеринин, напсинин жана дүйнөнүн убактылуу кызыкчылыктарынын туткунунан бошотуп, чыныгы эркиндикке багыттайт.

Алланы эң улуу күч жана кудирет катары кабыл алган, окуган ар бир рекет намазында «Биз жалгыз Сага гана ибадат кылабыз жана жалгыз Сенден гана жардам сурайбыз» деген улуу принципти кайталаган мусулман, эгер бул сөздөрдү чын жүрөктөн айтып, алардын маанисин терең кабыл алса, намаздан кийин да ар-намысты бийик туткан жүрүм-турумду карманат. Кандайдыр бир жеке кызыкчылык үчүн башын ийип, өзүнүн кадыр-баркын тебелетпейт, бекем жана салмактуу инсандык сапатка ээ болот.
 

Намаздын адамдын «эго» сезимине тийгизген таасири

Адам кээде өзүнө сырттан карагандай болуп, өзүн-өзү баалайт. Өзүнүн дене түзүлүшү, жөндөм-шыгы, сезими, ой-жүгүртүүсү, мамилеси жана жүрүм-туруму, баалуулуктары менен идеалдары тууралуу ар тараптан ой жүгүртүп, өзү жөнүндө белгилүү бир бүтүмдөргө келет. Мына ошол өзүнө берген баасы жана чыгарган өкүмү анын «мен» түшүнүгүн, башкача айтканда, өздүк аң-сезимин калыптандырат. Бул баалоолор оң да, терс да болушу мүмкүн.

Адам өзүнүн айрым сапаттарын жактырып, айрымдарын жактырбашы мүмкүн. Мына ушуга жараша анын өзүнө болгон урмат-сыйы, өзүн баалоосу калыптанат. Адамдын «мен» түшүнүгү да дайыма жаңыланып, өзгөрүп турат. Башынан өткөргөн ар бир окуя, ар бир тажрыйба, айланадагылардын аны жактырышы же жактырбашы, сындашы же макташы, адамдын өзүн кандай кабыл алары – мунун баары анын өздүк аң-сезиминде из калтырып, анын кандай калыптанышына таасир этет. Өмүр жолунда башыбыздан өткөн терс окуялардын жана бизге берилген терс баалардын өздүк аң-сезимибизде калтырган жарааттары намаз аркылуу айыгып, кайра калыбына келет. Ошентип, адам жашоосун мурдагыдан да сергек, жашоого болгон каалоосу күчтүү, руханий жактан чыңдалган абалда улантат.

Намаз адам «Мен киммин? Кандаймын? Кандай болушум керек? Эмне кылышым керек?» деген суроолорго жооп издеп жатканда өзүн жана жашоону таанып-билүүгө, өзүнүн жоопкерчиликтерин аңдоого оң көз караш жана туура аң-сезим берет. Ал адамга эмнелерди кылганын жана эмнелерди кыла албаганын, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин, кандай мамиле жана жүрүм-турум менен жашоосу керектигин кайра-кайра эске салып турат.

Намаз учурунда адам Алла Таала тарабынан өзүнө берилген баалуулукту сезет. Кандай гана абалда болбосун, Алланын алдында өзүнүн кадырлуу экенин, дүйнөлүк өзгөчөлүктөргө таянганда башка адамдардан эч кандай артыкчылыгы да, кемчилиги да жок экенин түшүнөт. Аллага болгон ыйманынын чынчылдыгы жана бекемдиги канчалык жогору болсо, Алланын алдында ошончолук кадырлуу жана даражасы бийик болорун билүү анын көңүлүн тынчтандырып, өзүнө болгон ишенимин арттырат. Адам өзүнө карата жакшы жана оң сезимдерди калыптандырат. Өзүн баалоосу бекемделет. Изилдөөлөр да диндарлык менен адамдын өзүн баалоосунун ортосунда оң байланыш бар экенин көрсөтүп келет.
 

Намаздын руханий саламаттыкка тийгизген таасири

Адам өмүр жолунда мезгил-мезгили менен адилетсиздикке, кыйынчылыкка, ар кандай терс көрүнүштөргө жана жамандыктарга туш болот. Мындай учурларда ал санаага жана тынчсызданууга алдырып, үмүтсүздүккө түшүп калышы мүмкүн. Үмүтсүздүк болсо адамда көңүл чөгүүгө, жашоого болгон кызыгуунун солгундашына алып келип, тынымсыз улана берсе депрессияга чейин, ал тургай башка себептер менен коштолгон учурда өз жанын кыюуга чейин жеткириши мүмкүн. А намаз окуган адам – Аллага жүз буруп, Ага баш калкалаган жана Ага таянган адам. Ал Алладан жардам сурайт, жакшылыкка жана кайырдуулукка байланышкан тилектери орундаларына ишенет. Алла өзүнө эң кайырдуусун берерине ишенгендиктен, азыркы абалын да, келечегин да караңгылык катары көрбөйт. Мындай адам жашоонун бүтүндөй бир сыноо экенин, Алла Таала ар кандай шарттарда жана ар кандай жагдайларда адамды жакшылык менен да, кыйынчылык менен да сынашы мүмкүн экенин кабыл алат. Сабыр кылып, Аллага болгон байланышын бекем сактаган адамга Алла бул дүйнөдө да жеңилдик берерине, акыретте да сыйлыкка бөлөөрүнө ишенет.

Мына ушул ишеним жана түшүнүк адамга зор руханий таяныч берет, ага жашоого болгон дем-күч тартуулайт, кыйынчылыктарга туруштук берүү жөндөмүн арттырат жана аны жашоого бекем байлайт. Намаз менен бирге анын коркуусу, санаасы, кайгысы жана ачуусу да жеңилдеп, жүрөгү жай табат.

Ар кандай себептерден улам башына түшкөн жагымсыз жагдайларды, оор сыноолорду жана кырсыктарды жеңип чыгууда адамга диний ишеними чоң таяныч болот. Алланын жардамына ишенип, Ага жүз буруп, баш калкалап, намаз окуп, дуба кылуусу анын руханий саламаттыгына оң таасирин тийгизип, депрессияга кабылуу коркунучун азайтат. Жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр диний ишеним, ибадат жана диний ырым-жырымдар адамга стресс жана депрессия менен күрөшүүдө чыдамкайлык жана кыйынчылыкка туруштук берүү күчүн берерин көрсөтөт.

Демек, намаз адамды күнүмдүк жашоонун чыңалууларынан, стрессинен, түйшүктөрүнөн жана көңүлдү тынчын бузган көйгөйлөрдөн аз убакытка болсо да алыстатып, жан дүйнөсүнүн эс алышына шарт түзөт. Ага ички жактан жеңилдеп, психологиялык жактан тынчтанууга мүмкүнчүлүк берет. Албетте, мындай таасир адамдын оюн көйгөйлөрдөн арылтып, толугу менен намазда окулган сүрөлөргө жана дубаларга топтой алган учурда гана жүзөгө ашат.

Намаз дал ушундай тартипте, терең түшүнүү жана көңүл топтоо менен окулганда гана дин көздөгөн деңгээлге жетет. Мындай окулган намаз адамдын рухун эс алдырып, көңүлүн жайландырат. Проф., док. Бунямин Эрул беш убак намазды алыс жолго чыгып, сааттап унаа айдаган айдоочунун жолду коопсуз улантып, көздөгөн жерине аман-эсен жетиши үчүн белгилүү аралыкта токтоп, чарчаган денесин эс алдырып, чачыраган көңүлүн кайра топтогон тыныгууларына салыштырат. Ал: «Чарчаган дене мындай тыныгууларга канчалык муктаж болсо, адамдын жүрөгү менен руху да намаз аркылуу эс алып, тынчтыкка жана бейпилдикке ошончолук муктаж», – деп белгилейт.

Айрым адамдар өздөрү үчүн маанилүү деп эсептеген ийгиликсиздиктерден, көңүл калуулардан же башкалар тарабынан четке кагылуудан улам жалгыздык сезимине кабылышат. Өздөрүн жалгыздыктын туткунунда калтырып, анысын аракечтиктен, ашыкча тамактануудан же башка зыяндуу нерселерден издей башташат. Бирок мындай туура эмес жолдор менен күрөшүү аракети кийин депрессия, көз карандылык же агрессивдүү жүрүм-турум түрүндө кайра кайтып келет.

Мына ушул жагынан да намаз адамга чоң оң таасирин тийгизет. Ал адамдын жалгыздык жана өзүн эч кимге кереги жок сезүү абалынан куткарат. Анткени намаз аркылуу адам Алла менен байланыш түзөт. Бул ага Аллага жакындык сезимин жана ишенимди тартуулап, санаа менен тынчсыздануудан сактайт. Адам Алланы өзүнө тирек жана жанында турган коргоочу катары сезип, Анын күчүнө таянат. 

Жалгыздык сезимин жеңүүдө жамаат менен окулган намаздын да мааниси чоң. Адамдар бири-бири менен таанышып, ал-акыбал сурашып, бири-бирине жардам берип, түйшүктөрүн жана көйгөйлөрүн бөлүшөт. Адамдын руху руханий баалуулуктар менен азыктанганда гана чыныгы канааттанууга жетип, жан дүйнөсү бейпилдик табат. Куранда баса белгиленгендей:

الَّذِيْنَ اٰمَنُوْا وَتَطْمَىِٕنُّ قُلُوْبُهُمْ بِذِكْرِ اللّٰهِۗ اَلَا بِذِكْرِ اللّٰهِ تَطْمَىِٕنُّ الْقُلُوْبُۗ ۝٢٨

«Чындыгында, жүрөктөр Алланы эскерүү менен гана тынчтык табат, бейпилдикке жетет» (Раад, 13/28). Мына ушул бейпилдикти адам эң жогорку деңгээлде намазда сезип, жон териси менен башынан өткөрөт.
 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси