«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 25.08.2026
  • |

Жалал-Абад облусунда КМДБнын "Диним-Ислам, Өлкөм-Кыргызстан" көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 25-август күнү Жалал-Абад облусунун администрациясында КМДБнын "Диним-Ислам, Өлкөм-Кыргызстан", "Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу көчмө жыйыны өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Азирети Муфтийдин аймактагы жалпы өкүлдөрү, Жалал-Абад облусу боюнча жалпы райондук баш имам-хатибдер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйын алгач Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталып, андан соң ыйык Куран аяттары окулду. Андан соң иш-чаранын катышуучуларына сөз берилди.

Анда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров  2024–2029-жылдарга карата 40 кадамдан турган стратегиялык планы тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйында 40 кадамдан турган 5 жылдык планды ишке ашыруу механизмдери аныкталып, жооптуулар бекилип, аны жүзөгө ашыруу ырааттуу жүргүзүлүп жаткандыгы, КМДБнын тарыхында алгачкы, комплекстүү жана 5 жылдык мөөнөттү кучагына алган стратегиялык иш-мерчем Азирети Муфтийдин жеке көзөмөлүндө ишке ашып жаткандыгы белгиленди. 

Иш-чаранын алкагында КМДБнын 40 кадам иш-планынын алкагында аткарылган иштери жана КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тууралуу видео материалдар коюлду. Ошондой эле, тарбиялык маанидеги эки видео ролик катышуучуларга көрсөтүлдү. 

Жыйындын аягында Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбековго КМДБнын медалы тапшырылды. Ошондой эле жыйындын катышуучуларына Азирети Муфтийдин Ардак грамоталары менен ыраазычылык баракчалары берилди.