"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров Баткен облусуна болгон иш сапары Лейлек районунда эки мечиттин курулушуна старт берди.
Алгач Азирети Муфтий баштаган аалымдар Лейлек районунун Катраң айылында эскилиги жеткен эки мечиттин ордуна жаңыдан курулуп жаткан мечиттердин курулушу менен таанышып мезгил кутусун салышты. Бул соопчулук иш жергиликтүү калктын арасынан чыккан демилгелүү жарандардын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Катраң айылында курулушу башталган борбордук мечит ири долбоорлордун бири болуп саналат. Анын сыйымдуулугу 2000–2500 адамга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген шартта курулууда. Мечиттин курамында имамдар үчүн атайын иш бөлмөлөрү, ошондой эле айыл балдарына диний билим берүүчү окуу канаалары (үжүрөканалар) да каралган.
Азирети Муфтий Абдилазиз кары Закиров курулуш иштерине өз салымын кошуп жаткан демөөрчүлөргө жана демилгечи жумушчу топко ыраазычылык билдирип, алардын ишине ийгилик каалап, дубасын берди.
Андан ары иш сапар Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернациональное айылында уланды. Бул жерде жаңыдан курулуп бүткөн мечиттин расмий ачылыш аземине катышты.
Аталган мечит жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен курулуп, пайдаланууга берилди. Чек ара аймагында жайгашкан айыл тургундары менен жолугушууда Азирети Муфтий бүгүнкү күндө дин тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, диний билим берүү жана коомдогу руханий баалуулуктар тууралуу маалымат берди.
Бул иш сапар аймактагы диний инфраструктураны өнүктүрүүгө, жергиликтүү калк менен байланышты бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды жайылтууга багытталат.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Баткен облусуна иш сапары менен барып, алыскы Зардалы айылынын тургундары менен жолугушкан. Иш сапар алкагында чөлкөмдөн чыккан аалым-молдолордун чоңойгон жана эрезеге жеткен үйлөрүн зыярат кылган. Алардын катарында экс-муфтий, маркум Абсаттар ажы Мажитов, аалым-устаздардан Молдо Кошбак, Молдо Шакир, Молдо Сабыр (Мамасабыр) жана Молдо Шамши (Шамсиддин) аттуу улуулардын балалыгы өткөн жерлерди зыярат кылып, алардын атына 200 Куран хатм багыштап бата кылган.