Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Таба» ЖЧКнын колдоосу менен ыйык Медина шаарына 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөтөт. Имамдар кыска мөөнөттүү окуу курсунда араб тил боюнча билимин өркүндөтүп, нурдуу Мединадагы тарыхый жайларды зыярат кылуу менен биргеликте умра ибадатын өтөшмөкчү.
Саамалыкка катышкан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов имамдарга ийгилик тилеп ак жол кааласа, КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов «Таба» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, доктор Абдул-Илах аль-Мушаррафка терең ыраазычылык билдирип, дин кызматкерлерин убакытты үнөмдүү өткөрүүгө чакырды.
Кыргызстан Ислам университетинин жыйындар залында өткөрүлгөн иш-чарага АК мүчөсү, КИУ проректору Абдиваси ажы Матраимов, муфтият кызматкерлери, КИУнун араб тили боюнча окутуучусу Амин Фатхий жана өлкөнүн булуң-бурчунан тандалып алынган имамдар катышты. Тестирлөө аркылуу 7 дубан, 2 шаардан тандалып алынган 25 дин кызматкери жакын арада Мединага сапар тартат.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдөгү ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, имамдардын профессионалдуулугун арттыруу, чет өлкөлөргө окууларга жана тажрыйба алмашууга жөнөтүү сыяктуу пункттар бар болчу.