“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Бүгүн, 2026-жылдын 15-июнь күнү Бишкек шаарындагы имамдардын катышуусунда кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга шаардагы жалпы имамдар, төрт райондук баш имам-хатиб жана КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышышты.
Жыйын ыйык Куран окуу менен башталып, андан соң сөз КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Талант ажы Темирбаевге берилди.
Талант ажы Муфтият тарабынан келген тапшырмалар менен тааныштырып, алдыдагы иштер боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди. Негизги маселелердин бири катары жайкы каникул мезгилинде мечиттерде жайкы Куран курстарын уюштуруу милдети имамдарга жүктөлүп, анын аткарылышын көзөмөлдөө райондук баш имам-хатибтерге тапшырылды.
Ошондой эле мечиттерди Муфтияттын балансына өткөрүү жана кайра каттоодон өткөрүү маселелери боюнча да кеңири маалымат берилип, тиешелүү тапшырмалар коюлду.
Жыйындын жүрүшүндө өкүлчүлүктүн бухгалтерия адисинин милдетин аткаруучу Расул ажы Сариев эсеп-кысап иштерине байланыштуу түшүндүрмөлөрдү берди. Ал эми лагерлерди жана жайкы курстарды уюштуруу үчүн талап кылынган документтер боюнча өкүлчүлүктүн катчылык жана кадр адисинин милдетин аткаруучу Куштар ажы Маматов маалымат берди.
Мечиттерди каттоо жана Муфтияттын балансына өткөрүү боюнча өкүлчүлүктүн мечиттер жана үгүт-насаат адисинин милдетин аткаруучу Махамадин ажы Разыков кеңири түшүндүрмө жасап, имамдардын суроолоруна жооп берди.
Жыйындын соңунда имамдардын сунуш-пикирлери угулуп, алдыдагы иштерге ийгиликтер кааланып, жалпы жамаат үчүн дуба кылынды.