Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Бүгүн, 9-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында диний окуу жайларында араб тили жана тасаввуф (кооз адеп-ахлак) илимдерин окутууну жакшыртуу жана тематикаларын бекитүү маселеси талкууланды. Отурумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, диний аалымдар жана диний окуу жайлардын окутуучулары катышты.
Азирети Муфтийдин 1-орун басары катышуучуларга диний билим берүү жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, бирдиктүү окуу программасы, окуу планы жана методика, тематикага ылайык билим берүүнүн зарылдыгы, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдар жана талаптар, динге илимий мамиле жана сааттык жүктөмдөр боюнча токтолуп өттү.
Талкууда ДОЖдордо араб тилинин сааттарын көбөйтүү, медресе студенттерине тасаввуфтук түшүнүктөр жана чөлкөмдөн чыккан яссавийлик, кубравийлик, накшбандийлик өңдүү тарыйкаттар тууралуу маалыматтар берилет. Ошондой эле адеп-ахлактык баалуулуктар, үй-бүлө институту, аялзатын кадырлоо, Мекенди сүйүү сыяктуу темаларды киргизүү сунушталды.
Айта кетсек, ДОЖдордо окутулчу акыйда, тафсир, фикх, хадис, араб тили жана тасаввуф предметтеринин окуу программасы боюнча адистер, устаздар жана аалымдар талкуу кылып, тематикаларды белгилешүүдө. Диний билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө багытталган бул секциялык кеңешме-талкуу КМДБ тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөнүн муфтияттын окуу бөлүмүнөн билдиришти.