Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Билим берүү | 20.08.2025
  • |

Бишкек шаарындагы диний окуу жайлары зыярат кылынды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы ДОЖдорду кабар алуу иш-чаралары уланууда. Үстүбүздөгү жылдын 18-19-август күндөрү КМДБнын жана Бишкек казыятынын жооптуу кызматкерлери Бишкек шаарындагы бир катар диний окуу жайларга барып, алардын техникалык  абалы, шарты жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Иш-чарага КМДБнын Референт жана жалпы бөлүмүнүн башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков, КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров жана Бишкек шаардык казыятынын адиси Куштарбек ажы Маматов катышты. 

Алар Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде окуу жайлардын окуу программалары, уюштурулушу, студенттердин билим алуу шарттары жана окутуучулардын даярдыгы боюнча кеңири маалымат алышып, зарыл болгон сунуш-пикирлерин беришти.

Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарында иш алып барып жаткан төмөнкү диний окуу жайларынан кабар алынды:

“Расул Акрам” институту;
“Кутайба ибн Муслим” институту;
"Абдуллах ибну Масъуд" медресеси,
"Көлмө" медресеси;
"Имам Сарахси" медресе;
"Биринчи Кадам" медресеси;
"Курманжан" медресеси;
"Абу Бакр Сыдык" медресеси;
"Султан Акмат" медресеси;
“Хаким айым” медресе мекемеси;
"Илшат" медресеси;
"Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы" медресеси;
"Бишкек кыз Куран курсу" медресеси;
“Мусакан Төрө” медресе мекемеси;
"Заман-Шамы" медресеси;
"Умар ибн Хаттаб" медресеси;
"Фатик" медресеси.

КМДБ өкүлдөрү диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап талаптарга ылайык билим берүү процесстерин өркүндөтүү жана жаштарга туура диний багыт берүү маанилүү экенин белгилешти. Ошондой эле окуу жайлардын жетекчилигине тиешелүү тапшырмалар жана сунуштар берилди.

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгү КМДБнын Уставына ылайык, муфтияттын көзөмөлүндө болору айтылды.

КМДБнын тутумундагы диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана алардын статусун тактоо максатында атайын уюштурулган иш-чара буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустары жана Ош шаарында өткөрүлгөн. Жакынкы күндөрү Чүй облусунда улманмакчы.