Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Билим берүү | 02.12.2025
  • |

“Апиза эне” ислам институтунун студенттери Азия чемпионатында байгелүү орундарды алышты

Ош шаарында өткөн Пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатына Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Кытай мамлекеттеринен жана Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышты. Мында “Апиза эне” ислам институтунун эки студенти мыкты жетишкендикти көрсөтүштү:

3-курстун студенти Розиев Оятуллох (90 кг)
Подъём на бицепс – 1-орун
Жим штанги лёжа (без экипировки) – 1-орун

1-курстун студенти Абдилхамидов Рахматилло (67 кг)
Жим штанги лёжа (без экипировки) – 3-орун

«Жаштыктагы күч-кубатты туура багытта колдонуу зарыл. Ислам динибиз жаштыкты билим алууга, ден соолукка кам көрүп спорт менен машыгууга, ибадат кылууга жана жакшы иштерди кылууга үндөйт. Ден соолук бекем болсо, ибадат кылуу да жеңил болот», – деди окуу жайдын жетекчиси Абдирашит кары Батыров.

Айта кетсек, аталган окуу жайда дене-тарбия сабагы боюнча бардык шарттар түзүлгөн.