"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 30.04.2026
  • |

Таласта “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу 3 күндүк семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Талас облусунда имамдар үчүн уюштурулган “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу 3 күндүк окуу семинары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул семинар дин кызматкерлеринин диний билим деңгээлин жогорулатуу, салттуу ислам баалуулуктарын бекемдөө жана коомдо туура диний түшүнүктү жайылтуу максатын көздөдү.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстан Ислам университетинин тажрыйбалуу окутуучулары Шамсу Ниязов, Тургуналы Абдурахимов жана Тариэл Ибраимов өтүшүп, дин кызматкерлерине бир катар темалар боюнча мазмундуу жана пайдалуу сабактар өткөрүлдү.

Атап айтканда, салттуу ислам баалуулуктары, Матуриди акыйдасы, Ханафи мазхабынын негиздери боюнча окуу процессинде имамдар активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна кеңири жоопторду алышты. Сабактар мисалдар менен коштолду. 

Семинардын жыйынтыгында Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев сөз сүйлөп, дин кызматкерлеринин коомдогу орду жана элге кызмат кылуудагы жоопкерчилиги тууралуу баса белгилеп, келген университеттин мугалимдерине ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Мындай илимий-агартуу иш-чаралары дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга, салттуу ислам баалуулуктарын бекемдөөгө салым кошорун белгилешти.