«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 07.08.2026
  • |

АБИД ИНСАН АБДИРАЙИМ КАРЫ

Абдирайим кары Атабаев 1913-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда илимдүү үй-бүлөдө туулган. Ал Кара-Суу районунда жайгашкан пахта заводунда бухгалтер болуп эмгектенген. Ошону менен бирге, оор мезгилде дин кызматкери болуп, ардактуу миссияны аркалаган. Ал колхозду көтөрүү жагынан да көп кызмат кылгандыктан, жергиликтүү бийлик тарабынан дайыма сыйга татыып, үлгүлүү кызматкер катары аты чыгып турган.  

Абдирайим кары жаштайынан эле атасы Атабай кары баш болгон улуу устаздардын колунда окуп, илим-билимдүү болгон ал зирек, тырышчаак болгондуктан, аз гана жылдын ичинде эле хафиздик даражага жетет. Жаш болсо да илим-билиминин молдугу себептүү замананынын эң көрүнүктүү аалымдарынын бирине айланган. Ошондой эле Куранды толук жаттаган «мураттаб кары» болуп жетилген. Кары бой жеткенде 1928-жылы туулган Рабия аттуу такыба кызга баш кошкон. Бул үй-бүлө бактылуу жашап, 10 (6 уул, 4 кыз) перзентти тарбиялашкан.

Абдирайим кары улоосун минип, эл кыдырып, насаат айтып, сабак берип, бала окутуп жүргөн. Анын ишмердүүлүгүн көчмө медресе катары мүнөздөсөк болот. Ал негизинен Өзгөн, Кар-Кулжа айылдарында кызмат кылган. Ошондой учурлардын биринде Чалма айылынын жашоочулары карыны үйлөнтүп коюуга аракет кылышат. Кары 2-3 курдай баш тартат. Бирок жергиликтүү эл ой-боюна койбой, Райла аттуу кызга баш коштуруп коюшат. Айыл аксакалдары «Сендей карыны күйөө бала кылып алалы, биздин айылга тынбай келип турасың, биздин айылдан да карылар, аалымдар чыксын» деп тилек кылышкан. Абдирайим карынын бул никесиненин 6 перзент (4 уул, 2 кыз) жарык дүйнөгө келген.  

Кеңеш өкмөтү тараган соң Абдирайим карынын шакирттери анын үйүнө зыяратка келишет. Алардын көпчүлүгү молдо болуп жетилип, айыл-айылдарда имамдык даражага жетишкен болот. Бул да болсо карынын эмгегинин текке кетпегенин, ал эккен көчөттөр чынар болуп жетилгенин замандаштары сыймыктануу менен эскеришет.

Абдирайим карынын олуялык жагы белгилүү. Ал селде, чапанын кийип, абиддик нуру төгүлүп, башын жерге салып зикир тартып жүргөн. Такыбалыгы ашкан ал киши демейде көзүн жуумп алчу. Учурашып келгендерди карабай туруп, таанып атынан чакырган. Бир жолу айылдардын биринде жаңы төрөлгөн наристеге ат коюп кетет. Ошол наристе кийин эр жетип, армияга барып кайтканда Абдирайим карыга зыяратка барат. Ошол кезде кары ата «хайлула» уйкусунда болгон. «Сизге киши келди» дегенде, «Баланча, кел!» деп учурашат. Жанындагылар, «Бул жигит ким, тааныйсызбы?» дегенде, «Өзүм атын койгон жигитти кантип тааныбай калайын?» деп жооп берген. Болбосо аны төрөлгөндөн кийин көргөн эмес тура. Ушул сыяктуу карынын олуялык кереметтери тууралуу көп айтылат.

Кары балдарын өтө жогорку деңгээлде тарбиялаган. «Эгер коңшунун тоогу биздин тоокканага келип тууп кетсе да, аны кайтарып бергиле. Билбей жеп албагыла» деп эскертип, адам акысына катуу маани бергени айтылып жүрөт.

Абдирайим кары өзүнүн адеп-ахлагы менен башкалардан кескин айырмаланып турган. Ал колхоздоштуруу убагында, согуш мезгилинде, согуштан кийинки кайра куруу учурларда, согуштагы жокчулук, оор күндөрдө да дайыма эл менен бирге болуп, ал күндөрдөгү кыйынчылыктарды жеңип чыгууга зор салым кошкон. Башкача айтканда, ошол оор жылдарда барга-жокко чыдап, жокчулукка мөгдүрөп калбай, Абдираийм кары эли-журтту сабырдуу болууга чакырып, моралдык колдоо көрсөтүп турган. Бул дүйнөдө жашоо бирдей болбой турганын, б. а. согуш-тынчтык, токчулук-ачарчылык, саламаттык-оору, байгерчилик-жокчулук сыяктуу ар кандай тагдыр болорун эске салып, эл кыдырып тынымсыз насаат кылган.

Абдирайим кары атеисттик доор күчөп турган чакта жаш өспүрүмдөрдү окутууга бел байлайт. Бирок бул кооптуу мезгилде бала окутуу башты канжыгага байлоого тете иш болгон. Ошого карабай, келечек муундун дин илими үчүн кам көргөн. Ал үйүнүн короосун бийик дубал менен тосуп алып, балдарды окуткан. Антпесе режимге жагалданган бирөөлөр НКВДга сатып коёру белгилүү иш болчу. 

Бирде бирөөлөр «Сен эмнеге мынча бийик дубал куруп алгансың, жашырган эмнең бар?» деп тийиштик кылат. Ошондо илимде терең илгерилеген, такыбалыкта абиддик даражага жеткен Абдирайим кары «Мен короомо көчөт эктим эле, эшектер кажып, зыян жеткирбеси үчүн тосуп алдым», – деп терең маани менен жооп берген экен.

Мына ушундай улуу аалым, чоң кары, адеп-ахлагы бийик, мүнөзү кооз Абдирайим кары ата кокусунан ооруп калып, 1981-жылы бул дүйнөдөн өткөн. Анын артында өмүрлүк жубайы жаш балдарын бооруна кысып кала берет. 

Рабия эне тууралуу айта турган болсок, динди жашоосуна толугу менен алып кирген такыба, салиха, абида айым болон. Ал бала тарбиясына ушунчалык маани бергендиктен, дааратсыз бала эмизбегени, бала эмизген сайын зикир тартканы, Куран менен бешик терметкени эл оозунда аңыз болуп айтылат. Аалымдын ак никелүү жары Рабия эне кыйындыгы, даанышмандыгы, акылгөйлүгү, сабырдуулугу менен турмуштун эчен кыйынчылыктарына туруштук берип, балдарын ислам тарбиясы менен эрезеге жеткирген. Тынбай Куран окуган ал 1 айда 2 жолу хатм кылып турган. Жашы сексенге келгенде Куранды толук жаттап, хафиза эне болгон. Абдирайим карыга жарашыктуу өмүрлүк жар болгон хафиза эне өрнөктүү өмүр сүрүп, 2024-жылы 97 жашында акка моюн сунган.

Хафиз Абдирайим ата менен хафиза Рабия эненин артында мыкты уул-кыздар калды. Алсак, калың журтка таанылган Маматемин кары, Акмалдин кары (р.х), Зияуддин кары (р.х), Абдурахман кары, Муса кары, Самидин кары сыяктуу эр-азаматтарды дүйнөгө алып келип, карылыкта, илимде жана адеп-ахлакта обочолонуп турган диний аалымдарды тарбиялашкан. Карылар үй-бүлөсүнөн Зияуддин кары Куранды кооз окуу боюнча дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Кыргызстандын туусун желбиреткен. Бирок жазмыш экен, каза болуп калган. Алла Таала кары атаны, хафиза энени жана Зияуддин карыны ырайымына бөлөсүн.

Ал эми Райла эне тууралуу айтсак, ал да өтө такыба, салиха айым болгон. Карынын Райла энеден көргөн балдары да молдочулук жагына оошкон. Алардын ичинен Асан кары белгилүү. Абдирайим карынын небелери да карылык жолуна ыкташкан. Учурда карынын балдары өтө ынтымакта жашап, катташып келишет.  

Союз мезгилинде Абдирайим кары ата түптөгөн үжүрө тартибинде билим берилген үйү бүгүнкү күндө «Абдирайим кары» аттуу чоң медресеге айланган. Медресенин жанында эле карынын перзенттеринин аракети, элдин колдоосу менен «Имам Бухарий» ислам институту түптөлүп, бүгүнкү күндө алдыңкы диний окуу жайлардын катарын толуктап келет. Бул медресе жана институттун атагы алыска кетип, Орто Азия боюнча студенттер (талабалар) келип илим алат. Жылына жүздөгөн бүтүрүүчүлөр, ондогон карылар жетилип чыккан бул куттуу жайда аймактагы жана өлкөдөгү, ошондой эле чет жерден алдыңкы устаздар чакырылып, сабак беришет.


Даярдагандар:
Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Абдинаби ажы Жунусов, диний ишмер, жазуучу