“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Молдо Сабыр ажы Досбол уулу (чыныгы аты — Мамасабыр Досболов) — Кыргызстандагы ислам илиминин кайра жанданышына зор салым кошкон көрүнүктүү аалым, агартуучу, жазуучу, котормочу жана устаз. Ал өмүрүнүн дээрлик бардык бөлүгүн ислам илимин үйрөнүүгө, кыргыз элине жеткирүүгө жана кийинки муунду тарбиялоого арнаган.
Балалык чагы жана үй-бүлөсү:
Мамасабыр Досболов 1955-жылы Баткен облусунун Зардалы айылында жарык дүйнөгө келген. Ал тоолуу, билимге жана каада-салтка өзгөчө маани берилген үй-бүлөдө тарбияланган.
Атасы Досбол Дүйшө уулу ошол мезгилде айылдын башкаруучусу (раис) болуп иштеген. Эл арасында адилеттүүлүгү, эр жүрөктүгү жана чечкиндүүлүгү менен белгилүү болгон. Совет мезгилиндеги оор шарттарга карабастан айылдын өнүгүшүнө чоң эмгек сиңирген инсан катары эскерилет.
Молдо Сабыр жаш кезинен эле көп китеп окуган, араб арибине кызыккан, Куран жана диний илимдерди өз алдынча үйрөнүүгө аракет кылган.
Совет мезгилинде динге тыюу салынгандыктан, ислам илимин үйрөнүү өтө оор болгон. Ошого карабастан ал жашыруун түрдө устаздардан сабак алып, илимин үзгүлтүксүз уланткан.
Билим жолу:
Совет доорунда расмий диний окуу жайлар дээрлик жок болгондуктан, Молдо Сабыр Борбор Азиядагы белгилүү аалымдардан сабак алган.
Ал төмөнкү тармактарды терең өздөштүргөн:
Куран илими;
тафсир;
хадис;
фикх (Ханафий мазхабы);
акыйда (Матуридий мектеби);
араб тили;
чагатай тили;
түрк тили.
Ушул тилдерди өздөштүргөнүнүн аркасында көптөгөн классикалык ислам китептерин түп нускасынан окуп, кийин кыргыз тилине которууга жетишкен.
Кыргызстандагы диний кызматтары:
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин ислам маданияты кайрадан эркин өнүгө баштады. Бул мезгилде Молдо Сабыр өлкөдөгү диний агартуунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калды.
1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын II курултайын уюштурууга активдүү катышкан.
1996–1997-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жооптуу кызматтарды аркалаган.
2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү болуп шайланган. Ошондой эле «Маданий борбор» кайрымдуулук мекемесин негиздеп, аны жетектеген.
Илимий эмгектери:
Молдо Сабыр ажы кыргыз тилинде диний адабияттын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Молдо Сабырдын автордук китептери:
1. «Дин тиреги – намаз»;
2. «Намаз – бейиштин ачкычы»
3. «Таухид – акыйдалар жыйнагы»
Араб тилинен которгон эмгектери:
1. «Мөөлүт» китеби арабчадан которулган.
2. «Мунаббихат». Майх ибн Хажар Аскалани;
3. «Акыйда-и Тахавия». Имам Тахави;
4. «Фикхул Акбар». Имам Аъзам Абу Ханифа;
5. «Ал-Васият». Имам Аззам Абу Ханифа;
6. «Акийда ан-Насафия». Имам Насафи;
7. «Акийда бад-ул Амоли». Сирожиддин аль-Оши;
8. «Акийда издия Молдо Жалал». Молдо Жалал Ижжи;
9. «Муктасарул-викоя». Убайдулло ал-Бухари;
10. «Айюхал валад». Имам Газали.
Перс тилинен которгон китептери:
1. «Мажму ат-таварих». Сайпидин Молдо менен анын уулу;
2. Ноорузмухаммеддин китеби. (О. Соорон Сопу менен биргеликте которгон);
3. «Улукман Хакимдин уулуна айткан 100-насааты».
Чагатай тилинен которгон китептери:
1. Жусуп Баласагындын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») китебинен акыйда, тасаввуф жана адеп-ахлак жөнүндө айтылган бейиттерин чогултуп, "Куттуу Илим" аталышындагы китеп;
2. «Дивани хикмат» – Азирети Кул кожо Ахметтин хикметтери7
3. «Фаргана хандарынын тарыхы». Магзунин китеби (О. Соорон Сопу менен биргеликте которгон);
4. «Насаб наама». (О. Соорон Сопу менен биргеликте которгон).
Араб арибинен азыркы кыргыз тамгасына көчүргөн китеби:
«Азирети Эшен пирибиз». Молдо Ашир (О. Соорон Сопу менен биргеликте которгон) «Бийиктик» басылмасы.
Молдо Сабыр ажы көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган. Анын шакирттери бүгүнкү күндө маанилүү кызматтарда иштеп, эл-журтка үлкөн кызматтарды аткарып келишет.
Устаздын мүнөзү:
Устазды жакындан тааныгандар төмөнкү сапаттарын көп эскеришет:
өтө жөнөкөй;
токтоо;
сабырдуу;
адилет;
элге жакын;
илимге берилген инсан болгон.
Өз жашоосу менен да, сөзү менен да адамдарга үлгү болууга аракет кылган.
Ислам динине кошкон салымы:
Молдо Сабыр ажы Досбол уулу эгемендүү Кыргызстандагы ислам илиминин калыптанышына чоң салым кошкон аалымдардын бири катары эскерилет. Ал кыргыз тилиндеги диний адабиятты байытып, салттуу ислам илимин жайылтууга жана миңдеген адамдардын диний сабаттуулугунун өсүшүнө өмүрүн арнаган. Анын калтырган китептери, насааттары жана шакирттери бүгүнкү күндө да анын илимий жана руханий мурасын улантып келет.
Даярдагандар: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Нурбек ажы Токтогулов, КМДБнын окуу бөлүмүнүн адиси