«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Ысык-Көл облусунда Азирети Муфтийдин өкүлүнүн жана райондордун баш имам хатибдеринин кызматтык унааларынын техникалык абалы текшерилди. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өткөрүлүп, ага КМ АКтын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов, КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиев жана облустагы шаар-райондорунун баш имам-хатибдери катышты.
Текшерүүнүн алкагында облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдерге жана Азирети Муфтийдин облустагы өкүлүнө берилген кызматтык автоунаалардын техникалык абалы, колдонуу тартиби жана жүрүү чакырымдары каралды.
Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү кызматтык унаалар аманат экенин эскертип, аларды кызматтык максатта гана пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле кызматтык автоунаалар аймактык иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарууга жардам берүү максатында берилгенин кошумчалашты.
Эске салсак, өткөн жылы КР Президентинин колдоосу менен алгачкы жолу райондордун баш имам-хатибдерине жана муфтийдин аймактардагы өкүлдөрүнө жаңы чыгарылган Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык унаалар белек кылынган.