Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Общество | 20.11.2025
  • |

Уфа: «Ислам идеалдары жана баалуулуктары: Бир үммөт — бир тагдыр» аттуу XVI эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Үстүбүздөгү жылдын 17-20-ноябрь күндөрү Орусиядагы Башкырстандын борбору Уфа шаарында «Ислам идеалдары жана баалуулуктары: Бир үммөт — бир тагдыр» аталышындагы XVI эл аралык илимий-практикалык ислам конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талант ажы Темирбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдулла ажы Асыранкулов жана муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр ажы Исмаилов катышты.

Конференцияга дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн делегаттар келип, үммөттүн биримдиги, ислам баалуулуктары жана диний билим берүүнүн заманбап маселелери талкууланды.

Жумушчу сапардын алкагында делегация Уфа шаарындагы тарыхый «Галия» медресесин да зыярат кылышты. 

Эске салсак, дал ушул медреседе улуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабаев билим алган. Даш ушул себептүү аталган окуу жай кыргызстандык мусулмандар үчүн руханий жана тарыхый мааниге ээ.