«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Общество | 27.01.2026
  • |

Таласта баш имамдарга жыйын өткөрүлүп, кызматтык унаалардын техникалык абалы текшерилди

КМДБ кызматкерлери муфтияттын Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүн зыярат кылып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чарага диний башкармалыктын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, КМДБнын чарба адиси Асанбай ажы Бекматов катышты. 

Алгач баш имам-хатибдерге багытталган жыйын өткөрүлүп, анда №5 токтомдун аткаруу, «Финик» тиркемеси жана мечиттердеги QR-кодду колдонуу сыяктуу каржылык маселелер боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде бөлүм башчы Толкунбек ажы Жуманов QR-код аркылуу түшкөн каражаттарды колдонуу тартиби тууралуу маалымат берип, аталган каражаттар ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мечиттердин муктаждыктарына багыттоо жана максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жооптуу адамдарга каржылык тартипти так сактоо жана өз убагында отчёт берүү боюнча нускама берди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдерге жана Азирети Муфтийдин облустагы өкүлүнө берилген кызматтык автоунаалардын абалы, колдонуу тартиби жана жүрүү чакырымы (пробег) каралды. Талас облусуна жалпы 5 кызматтык унаа берилип, анын 4 ү райондук баш имам-хатибдерге, 1 и Азирети Муфтийдин аймактагы өкүлүнө бекитилген. 

Комиссиянын корутундусуна ылайык, унаалар негизинен кызматтык максатта колдонулуп жатканы жана автоунаалардын жүрүү чакырымы нормада экенин маалым болду. Бекматов кызматтык унаалар диний кызматты сапаттуу жүргүзүү үчүн берилгенин белгилеп, ар бир унаа аманат экенин эскертти. 

Анын маалымдашынча, мындай текшерүүлөр мындан ары да өлкө боюнча туруктуу негизде, ар алты ай сайын өткөрүлүп турат. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык унаалардын баркын билүү, техникалык абалын жакшы сактоо жана жоопкерчилик менен колдонуу маселеси да көтөрүлүп, мурунку жылдары мындай шарттар болбогону, азыркы мүмкүнчүлүк чоң ишеним экендиги белгиленди.