«Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты, алар менен бейпилдик табышыңар үчүн» (Рум сүрөсү, 21-аят)
Общество | 13.03.2026
  • |

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуу өткөрүлдү

Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев жана КМ АКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Токтогонович Аширбаев менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сулумбек ажы Элкинбек Токтогоновичти жаңы дайындалган жооптуу кызмат орду менен куттуктап, алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, эл-журтка ак кызмат кылуу тилектештигин билдирди.

Баарлашуунун алкагында тараптар Чүй облусундагы диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жана коомдогу ынтымак менен биримдикти бекемдөө багытындагы иштер тууралуу пикир алышты. Ошондой эле келечекте мамлекеттик органдар менен диний мекемелердин ортосундагы кызматташууну чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан сырткары, жолугушууда Чүй облусунда каттоодон өтпөй калган айрым мечиттердин маселеси да талкууланып, бул көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү мекемелер менен тыгыз иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишилди.