Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Общество | 28.11.2025
  • |

Ош шаарында имамдар үчүн уюштурулган 3 күндүк акыйда сабагы жыйынтыкталды

Кечээ, 27-ноябрь күнү Ош шаарында 3 күндүк акыйда сабагы ийгиликтүү жыйынтыкталып, ага шаардагы бардык жума жана беш маал намаз окулган мечиттердин имамдары катышты. Семинарда диний кызматкерлер исламдагы ишеним маселелери, мазхаб кармануунун маанилүүлүгү, матуридиликтеги ишеним негиздери жана акыйда илими боюнча терең билим алышты.

Сабакты КМДБнын Калкты диний маалыматтар менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев жана бөлүмдүн адиси Баястан Марат уулу өтүштү. 

Семинардын жүрүшүндө активдүү талкуулар, суроо-жооптор уюштурулуп, диний билимди бекемдөө багытында пайдалуу маалыматтар берилди.

Окуу соңунда катышуучуларга сабака катышкандыгын тастыктаган атайын сертификаттар тапшырылып, диний агартуу иштеринде мындай сабактардын мааниси жогору экендиги баса белгиленди. 

Ош шаарында мындай окутуулар үзгүлтүксүз уланарын муфтияттын аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.