Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Диний тармакта алгылыктуу кызматтарды кылган диний аалым, диний ишмер Умарали ажы Бекмуратовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Көңүл айтуу тексти толугу менен берилет:
«Дин исламга албан-албан кызмат кылган, диний агартууга өмүрүн арнаган кадырлуу диний аалым Умарали ажы Бекмуратов дүйнө салганына байланыштуу суук кабарды оор кабыл алдык. Билбегенге бир адам өттү, билгенге зор аалым өттү. “Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).
Умарали ажынын Кыргызстан мусулмандары үчүн жасаган зор аракеттери эсибизде. Элибизге динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан. Анын эмгектери дин жолундагы жаш муундарга дайыма өрнөк болуп, жаркын элеси калың журттун эсинде кала берет.
Урматтуу маркумдун жакындары, дос-санаалаштары. Алла Таала сиздерге сабыр, күч-кубат берсин. Ал эми маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларынан бир бакча насип кылсын».
Маркум тууралуу: Умарали ажы Бекмуратов 1934-жылы туулган. 91 жашында дүйнө салды. Устазы: Молдо Шакир дамла
Умарали ажы Бекмуратов өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткен күндөн баштап, эң алгачкылардан болуп «Абдыжапар» атындагы медресени расмий каттоодон өткөргөн. Андан кийин 1999-жылдары «Абдыжапар» атындагы ислам институту болуп кайра каттоодон өткөрүлгөн. Умарали ажы 25 жылга чукул убакыт аталган окуу жайда жетекчилик кызматын аркалап, көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган. Учурда окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өлкө аймагында ар түрдүү багыттарда диний кызматтарда эмгектенип келишет.