«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Үстүбүздөгү жылдын 20-24-январь күндөрү Баткен облусунун жалпы имамдарына багытталган масштабдуу жыйын өткөрүлдү. Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык уюштурулган иш-чара облустун Кадамжай району, Баткен жана Раззаков шаарларында өткөрүлүп, ага КМДБнын финансы-чарбалык бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, чарба адиси Асан ажы Бекматов, облустагы жалпы имам-хатибдер жана имамдар катышты.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
1. Аймактардагы кызматтык автоунаалардын техникалык абалы;
2. Садака-фитр жана QR-кодду колдонуу;
3. Имамдардын стипендиясы;
4. 05-токтом боюнча көрсөтмөлөр.
Жыйында Толкунбек ажы Жуманов QR-коддорду туура иштетүү, имамдардын эмгек акысы жана 05-токтом боюнча көрсөтмөлөрдү түшүндүрдү. Иш-чара суроо-жооп менен коштолуп, сунуш-пикирлер айтылды.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара дин кызматкерлеринин финансылык сабаттуулугун арттырууга жана ачык-айкындуулукка негизделген каржылык иштер боюнча комплекстүү маалымат берүүгө (Финик жана QR-коддор) негизделди. Ошондой эле калайыкка диний кызматтын сапатын жакшыртуу, шам баяндарын үзгүлтүксүз жүргүзүү жана мечиттерде китеп бурчтарын уюштуруу боюнча Азирети Муфтийдин буйруктары жеткирилди.