«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга байланат» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдун апасын жана бир туугандарын зыярат кылып, Мураталы ажынын жана атасынын рухуна багыштап Куран окуп, дуба кылды. Бул — маркумдарды эскерүү жана улууларга урмат көрсөтүүнүн белгиси болуп калды.
Зыярат учурунда Мураталы ажынын элге кылган жакшы иштери эскерилип, өрнөктүү өмүрүнө сереп салынды. КМДБ жетекчиси улууларды эскерүү иши коомдо ынтымакты, ыймандуулукту жана биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Азирети Муфтий өз сөзүндө: «Өткөндөр унутулбашы керек. Алардын басып өткөн жолу биз үчүн үлгү», — деп айтып, мындай саамалыктар мындан ары да улантыларын билдирди.
Зыяраттын алкагында жергиликтүү мечит жамааты менен да жолугушуу болуп, ыйман, биримдик жана улууларды урматтоо тууралуу баян айтылды.
Зыярат соңунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан экс-муфтий маркум Мураталы ажы Жумановдун үйүндө ифтар өткөрүлүп, ага 250гө жакын адам катышты.