Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Образование | 02.12.2025
  • |

«Расул Акрам» ислам институтунун студенттери «Ата-Бейитти» зыярат кылышты

Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунун студенттери «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин зыярат кылышты. Зыяраттын максаты студенттерге кыргыз тарыхы, мурасы менен тааныштыруу жана мекенчилдикке шыктандыруу болду.

Институт жетекчилигинин айтымында, студенттер маркум аталардын рухуна багыштап Куран окуп, дуба кылып келишти.

«Жаштар ата-бабаларды эскерип, алардын өмүр жолун таанып жүрүшү керек. Өзгөчө өткөн кылымдагы улуттун каймактарын билип, өрнөктүү өмүрүн угуп, мекенчилдикке тарбияланышы зарыл. Кудай буюрса, тарбиялык багыттагы иш-чараларды уланта беребиз», – деп билдиришти ДОЖдон.