Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Образование | 08.07.2025
  • |

Диний билим берүүнүн сапатын жакшыртуу: Фикх жана акыйда боюнча отурум өттү

Бүгүн, 8-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында ДОЖдордо акыйда жана фикх илимдерин окутууну жакшыртуу жана тематикаларын бекитүү маселеси талкууланды. Отурумга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана диний окуу жайлардын окутуучулары катышты.

Азирети Муфтийдин 1-орун басары диний билим берүү жаатында бирдиктүү окуу программасы, окуу планы жана методика, тематикага ылайык билим берүүнүн зарылдыгы, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдар жана талаптар, динге илимий мамиле жана сааттык жүктөмдөр боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди. 

Талкуунун жыйынтыгында диний окуу жайларындагы төмөнкү курс студенттери үчүн эне тилдеги бирдиктүү диний адабияттарды түзүү идеясы жактырылып, Мавераннахр чөлкөмүндө жетилген атактуу аалымдардын классикалык эмгектерине негизделген колдонмолорду чыгаруу сунушу колдоо тапты. Ал эми 2-курстан тарта классикалык эмгектер түп нускада (матн) окутулмакчы.

Айта кетсек, ДОЖдордо окутулчу акыйда, тафсир, фикх, хадис, араб тили жана тасаввуф предметтеринин окуу программасы боюнча адистер, устаздар жана аалымдар талкуу кылып, тематикаларды белгилешүүдө. Сөз болуп жаткан отурум да ушул демилгенин алкагында ишке ашырылды. Алгачкы ирет уюштурулган бул секциялык кеңешме-талкуу уланып, эртең, 9-июлда араб тили жана тасаввуф (көркөм адеп-ахлак) боюнча өткөрүлүшү мерчемделген болчу.