Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Образование | 28.08.2025
  • |

Чүй: ДОЖдордон кабар алуу саамалыгы жыйынтыкталды

Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан өлкө аймагындагы диний окуу жайлардан кабар алуу жана жаңы окуу жылына даярдыгын текшерүү максатында жүргүзүлгөн саамалык жыйынтыкталды. Буга чейин Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Ош, Бишкек шаарларында өткөн ДОЖдордон кабар алуу иш-чарасы Чүй облусунда соңуна чыкты.

Муфтият тарабынан атайын түзүлгөн иш тобу жана облус казыятынын өкүлү тарабынан уюштурулган текшерүүнүн алкагында билим берүү процессинин жүрүшү, окутуучулардын квалификациясы, студенттерге түзүлгөн шарттар жана диний билим берүү багытындагы иштер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары, билим берүү мекемелеринин уставдык ишмердүүлүгү, мыйзам талаптарына шайкештиги жана тарбиялык иштердин сапаты да өзгөчө көңүл борборунда болду. 

Бул сыяктуу текшерүүлөрдүн негизги максаты – жаштарга туура багыт берүү, сапаттуу диний билим алуу шарттарын жакшыртуу жана радикализм, экстремизмдин алдын алуу болуп саналат.

КМДБ комиссиясы жана казыят өкүлдөрү окуу жай жетекчилерине жана окутуучуларына тиешелүү сунуштарын берип, ДОЖ өкүлдөрүнүн алгылыктуу демилгелерин колдоого ала тургандыгын белгилешти.