«Ал силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты, алар менен бейпилдик табышыңар үчүн» (Рум сүрөсү, 21-аят)
Регионы | 13.03.2026
  • |

Ошто «Жалолайн Тафсири» китебинин котормосунун бет ачары өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил Ата» мечитинде өзбек тилине которулган «Жалолайн Тафсири» китебинин өзбек тилиндеги котормосунун бет ачары өткөрүлүп, ага дин кызматкерлери катышты.

Иш-чарада КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жана Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаевдер баяндама жасап, даярдалган эмгектин диний окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн маанилүү экендигин айтып өтүштү.

Китептин бет ачарына катышкан дин кызматкерлери үчүн даярдалган китептер белек кылынды.

Айта кетсек, Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунун мугалими Халилуллах Эсонбой уулу тарабынан «Жалолайн Тафсири» өзбек тилине которулуп даярдалган. Халилуллах Эсонбой уулу бул котормого чейин ондон ашуун чакан диний китептерди которуп келген.