Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Ош шаарындагы Туран кичи районунда жайгашкан "Умму Мухаммад" медресесинин студенттерине Куран, сиро, логикалык жана башка категориялар боюнча акыл таймашы өткөрүлдү.
Медресе студенттери арасында 10 команда түзүлүп, 8 категория боюнча суроолор берилди.
"Куран жана сиро сабагы боюнча суроолор түзүлүп, акыл таймашы өткөрүүнү пландаганбыз. Анан ага кошумча спорт, медиа, логикалык жана башка кызыктуу суроолордон кошуп, 8 категория боюнча өткөрдүк. Албетте бул студенттердин дүйнө таанымына таасир тийгизүү менен биргеликте окууга болгон кызыгуусун арттырат деп ишенебиз", – деди Бекжан ажы Каныбеков.
Жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген "Golden Bars", "Фатх" жана "Нур" командаларына стимул катары медресенин атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.