«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Регионы | 27.01.2026
  • |

Кара-Кулжада имамга умра сапарына жолдомо белек кылышты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда жайгашкан «Умар» мечитинин жамаатынын атынан жергиликтүү демөөрчүлөр 10 жылдан ашуун убакыттан бери үзүрлүү кызмат кылып келе жаткан мечит имамы Мирлан Маданбековго умрага жолдомонун сертификатын тапшырышты.

«Мирлан дамланын 10 жылдан ашуун кылган кызматын баалап, умра сапарына жолдомо берүү менен башкаларга үлгү болууда. Бул сооптуу иш-чарага демөөрчүлүк кылган жарандар — Бакыт, Руслан жана Эмил. Аталган саамалык Тимурландын демилгеси менен ишке ашты. Ар бир салым кошкон жарандардан Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатибдин орун басары Тимурлан Аскаров. 

Иш-чара дин кызматкерлеринин эмгегин баалоого, жамааттын ынтымагын бекемдөөгө жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүгө багытталды.