Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Бүгүн, 21-ноябрь, жума күнү Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинин имамы Асанов Абылбек Айдаралиевичке МК Групп компаниясынын жетекчилиги тарабынан 2 бөлмөлүү батир ыйгарылды.
Имамга бул белек анын 12 жылдык тынымсыз элге кылган кызматынын баасы катары тапшырылды. Компания жетекчилиги батирге тиешелүү бардык документтерин да толук оформление жасап берди.
Белекти тапшырган курулуш компаниясынын жетекчилери — Курстанбек Бекажиев жана Усонбек Маниев.
Тапшыруу аземине Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев катышып, батирдин сертификатын имамга салтанаттуу түрдө тапшырды.