"Оо, Алла Таалам! Сен кечиримдүүсүң, кечиргенди сүйөсүң, мени да кечире көр!"
Регионы | 18.03.2026
  • |

Баткен облусунда Рамазан айына карата кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулду

Облустагы дин кызматкерлери жана кайрымдуу инсандар менен биргеликте муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.

Лейлек районунда баш имам-хатибдин милдетин аткаруучу Кубатбек Абдыгапар уулунун демилгеси жана кайрымдуу инсандардын колдоосу менен 20 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк камтылган кайрымдуулук баштыкчалары таратылды. Мындан сырткары, бир катар мечиттерде демөөрчүлөр тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кошумча жардамдар берилүүдө.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Айша эне» окуу борборунун окутуучулары жана окуучулары тарабынан аз камыз болгон 30 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары (20 кг ун, 5 литр суу май, 10 кг макарон, 2 кг кумшекер, ж.б.) жардамдары көрсөтүлдү. Окуу борбордун жетекчилиги маалымдагандай, мындай жардам квартал сайын уюштурулуп турат.

Жардам алган мусулман бир туугандар демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип баталарын беришти.

КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу ыйык Рамазан айы — кайрымдуулуктун жана берекенин айы экенин белгилеп, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар коомдогу биримдикти жана өз ара колдоону чыңдай турганын белгиледи.