Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Бисмиллахир Рохманир Рохийм.
Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун.
Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун.
Моралдык кылмыштар жөнүндө сөз кеткенде, алардын материалдык кылмыштан да жаман экендигин айтып кетишибиз керек. Материалдык нерселерге көнүгүп, бардык нерсени жалаң материалдык чыгымдарды гана эске алуу менен чыгарылган мыйзамдар боюнча иш алып барылганда чоң адилетсиздиктер жүзөгө келет. Бир киши экинчи кишини бир муш урса же кийимин жыртса, кылмышкер эсептелип, камалуусу турган сөз. Ал эми ошол адам экинчисине карата моралдык кылмыш кылса, тагыраагы адепсиз сөзү менен же кайбат жана жалаа жабуу менен жүрөгү кармап жыгылуусуна, кээ бир учурда керек болсо көз жумуусуна себеп болсо, жазасыз кала берет. Туура, азыркы учурда демократия өнүккөн кээ бир мамлекеттерде биз сөз кылмакчы болгон мына ушул жалаа жабууга карата жаза чаралары жолго коюлуп жаткан чыгар. Бирок ага жетишүү үчүн жалаага дуушар болгон адам өтө көп аракет кылышы керек. Укук коргоочу органдарга арыздануусу, иштин артынан чуркоосу жана башка чараларды колдонушу зарыл болот. Иши жүрүшүп доосунда утуп чыкса да, жалаа жапкан кишиге арзыбаган эле жаза берилет.
Эми коомчулуктагы бул илдетти илахий, исламий мыйзамдар менен кандай жолго салынуусун карап чыгалы. Оболу моралдык кылмыштар инсан укуктарын копол таризде аяк асты кылуу экендигин айта кетишибиз керек. Анткени, бул кылмыштар адатта адамдардын абийрин төгүүгө себеп болот. Инсандын абийрин төгүү, Ислам дининин таалимдеринде чоң кылмыш катары бааланат. Бир адамды абийирсиз кылуу аны өлтүрүү жана мал-мүлкүн тартып алууга барабар болуп саналат.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: "... كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ، دَمُهُ، وَمَالُهُ، وَعِرْضُهُ. أَخْرَجَهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам): «... Мусулман киши башка мусулманга барлыгынча арам; каны да, малы да жана абийри да» деп айтты». (Имам Бухарий жана Муслим риваяты)
Демек, бир мусулмандын экинчи мусулманды өлтүрүп, канын төгүүсү, малын уурдап тартып алуусу канчалык күнөө болсо, абийрин төгүүсү да ошончолук күнөө. Ошондуктан Исламда адамдардын абийрин төгүүгө себеп боло турган кайбат, чагымчылык, жалаа сыяктуу моралдык кылмыштар чоң күнөө катары эсептелип, күнөөкөрдү натыйжада жан чыдаткыс азаптар күтөт. Мындай кишилер ар канча тообо кылса да, Аллах алардын күнөөлөрүн кечирбейт. Себеби, бул күнөөнү кечирилүү же кечирилбөөсү алардан зыян тарткан, алар тарабынан абийри төгүлгөн кишилердин ыраазылыгына байланыштуу болот. Ушул маани моралдык кылмыштардан бири болгон кайбат мисалында төмөнкү хадисте баян кылынган болсо да, өкүм бардык моралдык кылмыштарга тийиштүү болот.
عَنْ أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ وَجَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: "الْغِيبَةُ أَشَدُّ مِنَ الزِّنَا قِيلَ: وَكَيفَ؟ قَالَ: الرَّجُلُ يَزْنِي ثُمَّ يَتُوبُ اللهُ عَلَيْهِ، وَإنَّ صَاحِبَ الْغِيبَةِ لَا يُغفَرُ لَهُ حَتَّىٰ يِغْفِرَ لَهُ صَاحِبُهُ". رَوَاهُ ابْنُ أَبِى الدُّنْيَا
Абу Саъийд Ал-Худрий жана Жабир ибн Абдулла (разияллоху анхума) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): «Кайбат зынадан катуу» деди. «Эмне үчүн?» деп суралды. Ал зат: «Бир киши зынадан соң тообо кылса, Аллах кабыл кылат. Ал эми кайбатчынын күнөөсү анын «бурадары» (кайбат кылынган киши) кечирмейин магфират кылынбайт», деп айтты». (Имам Ибну Абу Дуня риваяты)
Моралдык кылмышта абийри төгүлгөн кишинин, кайбат себептүү инсандык укугу тебеленет. Аллах Таала Өзүнүн акысына пендеси кирип кетсе кечирет. Ал эми башка бир пенденин акысына кирип кеткен учурда ошол акынын ээси кечирмейин магфират кылбайт.
Эми максатка өтөлү, негизги темабыз жалаа жабуу боюнча сөз кылалы. Адегенде, жалаа өзү эмне экендигин жакшылап билип алышыбыз керек, ушул максатта Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллоху алайхи ва саллам) сүннөттөрүнө кайрылабыз.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ ﷺ قَالَ: "أَتَدْرُونَ مَا الْغِيبَةُ؟ قَالُوا: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ، قَالَ: ذِكْرُكَ أَخَاكَ بِمَا يَكْرَهُ، قِيلَ: أَفَرَأَيْتَ إِنْ كَانَ فِي أَخِي مَا أَقُولُ؟ قَالَ: إِنْ كَانَ فِيهِ مَا تَقُولُ فَقَدِ اغْتَبْتَهُ، وَإِنْ لَمْ يَكُنْ فِيهِ فَقَدْ بَهَتَّهُ". أَخْرَجَهُ مُسْلِمٌ.
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): «Кайбат эмне экендигин билесиңерби?» деп сурады. Сахабалар: «Аллах жана Анын Элчиси билүүчү» дешти. Ал зат: «Бир тууганыңарды ага жакпаган нерсе менен тилге алууңар» деди. Ошондо: «Айтыңызчы, мен айта турган нерсе ошол бир тууганымда чындап эле бар болсочу?» деп айтылды. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам): «Эгер айткан нерсең анда бар болсо, бул чындыгында аны кайбат кылганың, эгер айткан нерсең анда болбосо ага жалаа жапканың» деди». (Имам Муслим риваяты)
Демек, бир адамдын аркасынан, өзү жок учурда, ошол адамга жакпай турган сөздөр менен эскерүү кайбат болот. Кайбат чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Кайбатчыга дайын кылынган азаптарды уккан адамдын жүрөгү титиреп кетет. Жалаа болсо, бир кишини айыптоо үчүн анын өзүндө жок кылмыштар менен айыптоо экен. Эми бул нерсе кайбаттан канча эсе чоң күнөө экенин элестетип көрсөңүз болот. Шаръий булактарга кайрылганыбызда, кайбат менен жалаанын бир-бирине жакын жайга, бир бөлүмгө жайгаштырылганын көрөбүз. Бирок жалаа жөнүндөгү маалыматтарга караганда кайбат жөнүндөгү маалыматтар көп учурайт. Бул ошол учурда, Ислам таралуусунан мурдакы динсиздик баткагына баткан кезде, бардык ыпластыктар өнүп-өскөн бир доордо да жалаа жабууга, бир адамды өзүндө жок күнөө менен айыптоого батынгандар аз экендигинен кабар берет. Ар кандай ыпластыкты көз ирмебей кыла бере турган наадан инсандын да жалаага келгенде батына албастыгын көрсөтөт. Ошол учурда жалаа жаап бир адамдын абийрин төгүү тар чөйрө менен чектелген. Тактап айтканда, уруу, айыл жана шаар чегинен сыртка чыккан эмес.
А бирок азырчы? Азыр жалаа ушунчалык көбөйдү, аны чектеп калуунун эч аргасы жок болууда. Кичинекей бир жалаа заматта бүт дүйнөгө жар салынууда. Эң өкүнүчтүүсү, ызы-чууга себеп боло турган мындай жалаа жабуу менен кээде мамлекеттик телеканалдар, расмий идаралар, керек болсо чиновниктер жана журналисттер алектенүүдө. Алар каалаган учурда өзүнө жакпай калган адамды жалаага көмүп салууда. Ал эми чын-чынына келсек, ошол өкмөт, расмий идара же чиновниктердин негизги милдеттеринен бири жарандарды, карапайым-калкты асыроо, айрыкча моралдык жабыркоодон коргоо, алардын абийрине чаң жугузбоодон турат.
Мындай абалдын тескериси, моралдык кылмыштардын башында туруу сууну башынан ылайкалатуу болуп саналат. 1938-жылдагы репрессияда миллиондогон бейкүнөө адамдарга мекенге кыянат, калк душманы, улутчул, ууру-талоончу, руханий оорулуу, нашакор сыяктуу тамгалар басылган. Алардын абийрине жарака жеткирилген, бүт дүйнөнүн көз алдында шерменде кылынган. Эч кандай айыбы болбосо да камакка алынган. Азап, кыйноолорго салынып, өлтүрүп жиберилген. Ондогон жылдар бою калктын асыл-чыгаан уулдарын, илимдүү, окумуштуу, жазуучулардын аттарын жалаа балчыгы менен булгоого аракет кылынды. Күн жүзүн булут узак убакыт тосо албагандай, моралдык кылмышкерлердин өкүмдарлыгы да соң тапты. Чыныгы кылмышкерлер, мекен чыккынчысы, улутчул, ууру-талоончу, руханий оорулуу жана нашакорлор негизинде ошол зулумдукту амалга ашыргандар экендиги ачыкка чыкты.
Жалаа жабуу канчалык оор кылмыш экенин толук аңдоо үчүн төмөнкү хадиске назар салуунун өзү жетиштүү.
رواه الإمام أحمد في مسنده بإسناده عن أبي هريرة رضي الله عنه أن النبي صلى الله عليه وسلم قال: (خمس ليس لهن كفارة: الشرك بالله وقتل النفس بغير حق وبهت مؤمن والفرار يوم الزحف ويمين صابرة يقتطع بها مالاً بغير حق)
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи вак саллам) мындай деп айтты: «Беш нерсенин каффараты жууп жибере турганы) жок. Аллахка ширк келтирүү, жөн жерден кан төгүү, момун кишиге жалаа жабуу, согуштан качуу жана жалган ант ичүү менен жок жерден мал өндүрүп алуу». (Имам Ахмад риваяты)
Аллахка ширк келтирүү жана жөн жерден кан төгүү канчалык чоң күнөө экендигин баары жакшы билет. Ушул хадисте жалаа да ошол күнөөлөр менен бир катарга коюлууда. Маалым болгондой, Аллахка ширк келтирүү каффараты жок, кечирилгис күнөө. Жалаа да мына ушундай күнөө экенин ушул хадистен ачык билип алдык.
Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)