«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Силаи-рахм – араб тилиндеги сөз айкашы, адатта бир туугандардын, эже-карындаштардын жана туугандардын ортосундагы байланышты үзбөө, барды-келди кылуу маанисин билдирет. Силаи рахмдын пазилети тууралуу көптөгөн аяттар, хадистер, риваяттар бар. Куранда мындайча айтылган:
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالًا كَثِيرًا وَنِسَاءً وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي تَسَاءَلُونَ بِهِ وَالْأَرْحَامَ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَيْكُمْ رَقِيبًا
«Эй адамдар, силерди бир жандан жаратып, анан андан жуп кылып жана ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана айалдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер Анын (атын атоо) менен бири бириңден сураган Аллахтан жана карым-катнаштан корккула! Албетте, Аллах силерди көзөмөлдөгөн эле». (Ниса сүрөсү; 1-аят)
Бул аят менен Алла Таала туугандардын байланышын үзүүдөн кайтарууда. Демек, бул аят жана башка хадистер менен силаи рахм кылбоо, аны бузуу – эң чоң күнөө, анын тескерисин кылуу – чоң пазилет. Силай рахм кылуунун бул дүйнөдө жана акыретте пайдалары бар. Анын пайдаларынан бири төмөнкү хадисте баяндалат.
عن ابن عمر قال من اتقى و وصل رحمه نسيء له في عمره و ثري ماله و أحبه أهله رواه البخاري
Ибн Умар (разияллоху анху) риваят кылат: «Чындыгында, Алланын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Ким Раббисинен корксо (б.а. амалында такыба болсо) жана силаи рахм кылса., анын ажалы кечиктирилет, байлыгы көбөйөт жана үй-бүлөсү аны жакшы көрөт». (Имам Бухарий риваяты)
Бул хадисте адам Аллахтан коркуп, анын буйруктарына баш ийип, тыйган иштеринен кайтса, ата-энесине, бир туугандарына ырайым кылса, өмүрү узарып, ажалы кечигери айтылууда. Чындыгында, анын өмүрү узарып, ажалынын кийинкиге калтырылышы – анын өмүрүнө береке берилүүсү. Силаи рахм менен туугандардын ортосундагы боорукердик, сүйүү күчөйт.
Береке жана мээр – махабаттын пайда болуусу силаи рахмдын дүйнөдөгү пайдасы. Албетте, акыреттеги сообу жана сыйлыгы да бар.
عَنْ عَائِشَةَ رَضِي اللَّهم عَنْهَا قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «الرحم شجنة من الرحمن. فقال الله: من وصلك وصلته ومن قطعك قطعته». رواه البخاري
Айша энебизден (разияллоху анха) риваят: Чындыгында, Алланын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Ырайымдуулук – Ырайымдуу - Рахман болгон Аллахтын ысымынан алынган». Аллах Таала айтат: «Ким сени (силаи рахмды) үзбөй уласа, Мен да аны менен байланышууну үзүп койбоймун. Ким сени (силаи рахмды) үзсө, Мен да аны менен байланышты үзүп коёмун». (Имам Бухарий риваяты)
Силаи Рахимдин Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн калыс болушу маанилүү. Чыныгы силаи рахм – бул Аллах ыраазылыгы үчүн силаи рахм кылуу. Ыклас менен жасалган бардык амалдардын сообу болгон сыяктуу, силаи рахмда да ыклас болсо сооптору болот. Эгер силаи рахмда ыклас болбосо, бирок кандайдыр бир дүйнөлүк кызыкчылыктар үчүн гана барды-келди кылынса, сооп жок.
Ошондой эле, силаи рахм кылууда «барды-келди» үзүлгөн туугандар менен силаи рахмды калыбына келтирүү – чыныгы силаи рахм болот. Ыкластын сүрөтү мына ушундай силаи рахмда көрүнөт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп таалим берген:
عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا، عَنِ النَّبيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، قَالَ: » لَيْسَ الْوَاصِلُ بِالْمُكَافِىءِ، وَلكِنَّ الْوَاصِلَ الَّذِي إِذَا قَطَعَتْ رَحِمُهُ وَصَلَهَا «. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Абдулла ибн Амр ибн Асс (рахиялло анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Кылганына жараша (силаи рахм) кылуучу тууганчылык алакаларды тургузуучу эмес. Ал эми тууганчылык алакалары үзүлгөндө аны тургузуучу киши чыныгы силаи рахм кылуучу болуп саналат». (Бухарий риваяты ).
Силаи рахм кылуучулар менен барды-келди кылуу адатта өз-өзүнөн табигый болот. Ал эми, силаи рахмдын пазилетин билбегендиктен же кайдыгерлигинен силаи рахм кылбай турган тууган-урук менен силаи рахм кылуу жеңил болбойт. Мындай учурда жогоруда айтылгандай, ыклас керек болот. Ошондо сооп көбөйөт. Мусулманга жакындары жаман мамиле кылса да, аларга көз жуумп же дал өзү кылгандай мээрбандык көрбөсө да, тууган-урукчулук үчүн жакшылык кылуу зарыл. Мындай учурларда кандай мамиле кылса, ошондой мамиле кыла турган болсо, алардын ортосундагы тууганчылык мамилелер толугу менен үзүлөт. Натыйжада эки тарап тең күнөөгө батышат.
Силаи-рахм кылыш керек болгон көптөгөн туугандар бар, биринчи кезекте ага-ини, эже-карындаш, таяке-таеже жана аба-абже сыяктуу жакын туугандардын ортосунда тез-тез болуп турушу керек болсо, кээде башка алыс туугандар менен да кез-кези менен байланыш болуп туруш керек. Ошондой эле, балдардын ата-энесинин достору менен байланышып туруусу да жакшылыктын бир түрү болуп саналат.
Абибилла ажы Кадырбердиев