Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү ыйык Мекке шаарында алгачкы жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстандын ажыларына жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү максатында бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Жыйындын жүрүшүндө ажылыктын ибадаттык маңызын сактоо менен катар, уюштуруучулук жагдайлардын сапаттуу ишке ашырылышы артыкчылыктуу багыт катары белгиленди.
Жыйында, өзгөчө, ажылардын ден соолугуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу, ар бирине ыклас жана кызмат менен мамиле кылуу – шарияттык жоопкерчилик экени баса белгиленди. Ошондой эле штаб мүчөлөрү Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө барып, Сауд Араб падышалыгынын Ажылык министрлиги Кыргызстандык ажыларга бөлүп берген жайлар, чатырлар жана логистикалык шарттар менен таанышышып, даярдыктарды башташы керектиги айтылды.
Ажылык учурунда тамак-аш маселеси, жатакана жана ыйык Харам мечитине каттаган атайын автобустардын ишмердүүлүгү да штабдын көзөмөлүндө болору белгиленди. Бул аракеттердин баары Алла Тааланын меймандары болгон ажыларга ыңгайлуу шарт түзүп, алардын ибадатын тынчтыкта жана урмат-сыйда аткарышын камсыз кылууга багытталган.
"Ажылык – Ислам дининдеги эң улуу ибадаттардын бири. Ал кызмат менен гана эмес, ыклас, итаат жана тартип менен өтүшү керек. Ушул максатта уюштурулуп жаткан аракеттер – Алланын ыраазычылыгы үчүн жасалып жаткан кызматтар экенин унутпайлы. Ар бир штаб кызматкери ажылыкты уюштурууда өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди так жана өз убагында аткарышы керек",-деди штаб башчысынын орун басары Давран ажы Жунусалиев.
Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов ажыларга кызмат кылуу – бул чоң аманат экенин эске салып, ар бир кызматкер өз милдетине ыйман, жоопкерчилик жана ак ниет менен мамиле кылуусу керектигин айтты.
"Ар бир бөлүнгөн кызматтарды так аткарып, жоопкерчиликтүү кадам таштайлы. Ажы башчыларга САПтагы бардык тартип, эрежелер түшүндүрүлүп берилиши керек. Албетте, Кыргызстандан да айтылды. Бул жерден да айтып койсок ашыкча болбос",-деди ал.