Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Коом | 22.11.2025
  • |

Ош облусунда дин кызматкерлеринин Куран жана тажвид боюнча квалификациясын жогорулатуу курсу өттү

КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында облустагы райондук баш имам-хатибдер жана жалпы айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына багытталган семинар өткөрүлүп, анда муфтияттын өкүлчүлүк, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн адиси Муратали кары Мамадияр уулу, Бишкек шаарындагы "Сарахсий" борбордук мечитинин имам-хатиби Абдулла кары Акбарали уулу, Бишкек шаарындагы Куран академиясынын мүдүрү Насрулла кары Искандаров жана Бишкек шаарындагы "7-апрель шейиттер" мечитинин имамы Ибрахим кары Балтабаевдер лекция өтүштү.

Лекцияда Курандын тажвидинин мааниси, имамдын коомдогу орду, жалпы дин кызматкерлеринин билүүгө тийиш болгонзарыл маселелер боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чаранын негизги максаты — имамдардын Куран окуу жөндөмүн өркүндөтүү, Куран илимдери боюнча билим деңгээлин жогорулатуу жана учурдагы коомдук муктаждыктарга жараша диний кызматкерлердин потенциалын күчөтүү.

Окутуу программасында заманбап ыкмаларды колдонуу, алдыда болуучу Куран сабактарында өзгөчө методдорго көңүл буруу каралды. Ошондой эле мечит имамдарынын эл менен тыгыз иш алып баруу жана Куранды тажвид эрежелери менен окуунун маанилүүгү боюнча да кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Азирети Муфтийдин Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров жыйынга келген райондук баш имам-хатибдер менен айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине бир катар тапшырмаларды берди.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштелип чыккан программанын алкагында уюштурулду. Курани Каримди тажвид эрежелерине ылайык туура окутуу; азанды так жана кооз айтууга үйрөтүү; имамдардын практикалык чеберчилигин жогорулатуу; коомго таасирдүү жана жоопкерчиликтүү дин кызматчыларын даярдоо максатын көздөгөн иш-чара өлкө боюнча өтүүдө.