«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат» (хадис)
Коом | 03.03.2026
  • |

"Мекенди сүйүү — ыймандан": Азирети Муфтий жоокерлерге лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарында жайгашкан №2053 жана №2022 аскер бөлүктөрүнүн жоокерлерине ыйык Рамазан айынын урматына ооз ачар уюштурду.

Иш-чарага Азирети Муфтий Абдилазиз кары Закиров, КМДБнын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султаналы ажы Гапуров, Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу, ошондой эле аскер кызматкерлери жана жоокерлер катышты.

Ооз ачардын алдында жоокерлерге сабырдуулук, Мекенди коргоонун жоопкерчилиги жана Рамазан айынын руханий мааниси тууралуу атайын баян айтылды. Анда сабырдуулук, тартип жана ыйман ар бир жоокер үчүн негизги сапаттар экени белгиленип, Мекенди коргоо ыйык милдет экендиги баса белгиленди.

Азирети Муфтий өз сөзүндө жоокерлерге бекем ден соолук, кызматында ийгиликтерди каалап, алардын Мекен алдындагы жоопкерчиликтүү кызматына жогору баа берди. Ошондой эле адеп-ахлакка бекем болуу ар бир мусулман үчүн карманчуу эрежелердин бири экенин айтты.

Жолугушуудан соң жоокерлерге Азирети Муфтийдин ооз ачары өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, жоокерлерге ифтар уюштуруу муфтият тарабынан 2022-жылдан бер уюштурулуп, салтка айланды.